"Эркин-Тоо"

Энергетика министрлиги менен франциялык компания кызматташат

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Франциянын TotalEnergies Renewables SA компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, документке 10-ноябрда КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана аталган компаниянын вице-президенти, глобалдык бизнес өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Фабьен Демол кол койду.

Меморандумдун негизги максаты энергетика тармагында кызматташуу, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорду ишке ашыруу, генерациялоочу электр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо, өнүктүрүү, каржылоо боюнча кызматташууга багытталган.