Энергетика министрлигине атайын техникалар тапшырылды 13.05.2024 Энергетика министрлигине 33 даана атайын техника тапшырылды. Маалыматка ылайык, анын 28и бригадалык унаа, үчөө жеңил унаа жана эки даана экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекеттик органдарда рефомалар жүргүзүлүп, техникалык базасы жаңыртылып жатканын белгиледи. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталганын, чакан ГЭСтер салынып жатканын, жакында Бала-Саруу ГЭСи ишке кирерин айтты.