Биздин өлкө суунун башында туруп, гидроэлектр станцияларды курууга ыңгайлуу шартта жайгашкан. Бирок, ал мүмкүнчүлүктү толук пайдалана албай келе жатабыз. Акыркы жылдары ГЭСтерди куруу колго алынып, алар бир чекеден ишке киргизилүүдө. 2023-жылдын ноябрында курулушу башталган Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Кайнама” чакан ГЭСи өткөн айда ишке кирди. Кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектрстанциянын ачылышына Президент Садыр Жапаров өзү катышты. Жергиликтүү тургундарды ГЭСтин ачылышы менен куттуктаган Мамлекет башчысы бул окуянын өлкөнүн энергетика тармагындагы жетишкендиги катары маанисин баса белгиледи. Айтса-айтпаса төгүнбү, бул азыркы шартта өтө орчундуу окуя экени талашсыз. Бизге энергия өндүргөн чакан ГЭСтер зарыл. Дегенибиз, чакан ГЭСтердин негизги артыкчылыгы – бул экологиялык жактан тазалыгы. Каржылык жактан дагы ыңгайлуу. Аталган “Кайнама” ГЭСи жылына 39,2 млн киловат/саат энергияны иштеп чыгарат. Бул электр энергиясы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларынын муктаждыгын чечет. Мындан сырткары жакында эле Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында “КөкАрт” чакан ГЭСин ачып, чогулгандарды “Көк-Арт” чакан ГЭСинин ачылышы менен куттуктап, бул гидроэлектрстанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеген. ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтып, өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү экенин билдирген. “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат. ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду. Буга чейин “Бала-Саруу” ГЭСи, “Ысык-Ата” чакан ГЭСи сыяктуу ГЭСтер ишке берилгенин билебиз. Ушул жылдын 21-майында ишке кирген Бала-Саруу ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү жагында курулган. Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турат. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул 19 миң абоненттин электр энергиясын керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бала-Саруу ГЭСин курууга жалпысынан 2,8 млрд сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар экендиги белгилүү. Ал эми Ысык-Ата чакан ГЭСи – 2024-жылдын 21-июнунда ишке кирген, анын кубаттуулугу 2 МВт. Аталган чакан ГЭС жылына 13,3 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп эсептелген. «Интек» аттуу фирма курган чакан ГЭСке «Сапат электро» жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. Ошондой эле жакынкы аралыкта “Токтогул” ГЭСинин экинчи агрегатын жана “Үч-Коргон” ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргизүү пландаштырылууда. Ага катар бир катар чакан ГЭСтер ишке кирүү алдында турат. Курулуш иштери аяктап, ишке кирүү алдында турган чакан ГЭСтерди тизмектей кетсек, биринчиси, Исфайрам-1 чакан ГЭСи, ал Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында курулду. Исфайрам дарыясына курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт, сметалык баасы дээрлик 3 млн долларды түзөт. ГЭС ишке берилсе 30га жакын жумуш орун түзүлөөрү болжолдонууда. Экинчиси, Белес чакан ГЭСи – Баткен облусунун Лейлек районунда курулган, кубаттуулугу 0,54 МВт. Үчүнчүсү, Авлетим чакан ГЭСи – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим дарыясында курулууда, кубаттуулугу 2,6 МВт. Төртүнчүсү, Лейлек чакан ГЭСи – Баткен облусунун Лейлек районунда курулууда, кубаттуулугу 10 МВт түзгөн ГЭСти куруу иштерин “Кыргыз Каганат” ишканасы жүргүзүүдө. Бешинчиси, Курак-Тектир чакан ГЭСи – Ош облусунун Ноокат районунда курулууда, кубаттуулугу 1,2 МВт түзөт. Алтынчысы, Адын-Үңкүр чакан ГЭСи – Ош облусунун Кара-Суу районунда курулууда, жалпы кубаттуулугу 0,85 МВт. Жетинчиси, Буйга чакан ГЭСи – Ош облусунун Кара-Кулжа районунда курулууда, кубаттуулугу 6 МВт. Сегизинчиси, Кожо-Кайыр чакан ГЭСи – Баткен облусунда курулууда, кубаттуулугу – 0,3 МВт. Тогузунчусу, Кара-Жыгач чакан ГЭСи – Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда курулууда, кубаттуулугу 1 МВт. Онунчусу, Ленинполь чакан ГЭСи – Талас облусунун БакайАта районунда курулууда, жалпы кубаттуулугу 2,3 МВт. Он биринчиси, Аманат ГЭСи – Чүй облусунун Ысык-Ата районунда курулууда, кубаттуулугу 0,5 МВт. Курулуш иштери аяктап, ишке кирүү алдында турган чакан ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болмокчу. Бул ГЭСтердин ишке киришин өлкөнүн энергетика тармагындагы жетишкендиги катары бааласак, эч качан жаңылышкан болбойбуз. Анткени, өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери дээрлик чакан ГЭСтер курулган эмес. Айрым жеке ишкерлер курган чакан ГЭСтерди ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк жаратпай, бут тосуп келишти. Атап айтсак, Ы.Ирсалиев курган чакан ГЭС бир нече жыл бою иштебей турду. Бул өтө кейиштүү жагдай экенин белгилеп коюшубуз керек. Анткени, энергетикалык кризис жаралган маалда мамлекет өзү чакан ГЭСтерди курбай, курган ишкерлерге жолтоо болуп, тоскоолдук жаратканы өтө өкүнөрлүк иш экени чындык. Президент Садыр Жапаров энергетика тармагы боюнча бир нече кайрылуу жасап, чечүү жолдору менен катар, көйгөйлөрүнө да токтолгон. Анын биринде 30 жыл мурда биз электрэнергиясын экспорттоп келсек, бүгүнкү күндө импорттоп жатканыбызды айткан. Чакан ГЭСтерди ачуу иш-чарасында Мамлекет башчысы өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты – ГЭСтерди куруу экенин белгилеп, бизнесмендерди жана инвесторлорду бул демилгени колдоого жана бул тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырганына күбө болдук. Дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүшө кетели, өткөн аптада Кара-Көл чакан ГЭСнин курулушуна 25 млн доллар тартылганы белгилүү болду. Тактап айтсак, финансы-кредиттик фонд тарабынан «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» жабык акционердик коому менен 17,5 млн АКШ доллары суммасындагы «Кара-Көл» чакан гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоору боюнча кепилдик келишимине кол коюлду. Долбоордун жалпы наркы 25 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен 17,5 млн АКШ доллары «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК тарабынан, 7,5 млн АКШ доллары «Жагалмай» ЖЧК тарабынан каржыланмакчы. Өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүнүн бир жолу – өлкө аймагында чакан ГЭСтерди куруу болуп саналат. Бул үчүн шарт жаралып калды, аны жалпыбыз колдогонго милдеттүүбүз.
Зулпукаар Сапанов