"Эркин-Тоо"
Экономика

Энергетика жана өнөр жай министрлиги бизнес-коомчулукка өзгөчө көңүл бурат

Энергетика жана өнөр жай министрлиги бизнес-коомчулук менен конструктивдүү диалог курууга өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги жана жаңы түзүлгөн мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү менен бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө тааныштыруу үчүн уюштурулган жолугушууда билдирди. Эскерте кетсек, бул жолугушуу ачык эшик күнүнүн алкагында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев мамлекеттик инспекциянын бизнес өкүлдөрү менен ар тараптуу кызматташуусу, ошондой эле өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган диалогду бекемдөө зарылдыгы тууралуу белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин караштуу Энергетика, тоо кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө инспекциянын түзүмү, жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берлишти.

Жолугушууда бизнес өкүлдөрү бардык суроолорго жооп алышып, кызматташуу багыттары боюнча пикир алмашышты.