"Эркин-Тоо"

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИС БҮГҮН ЖАРАЛГАН ЖОК!

Былтыркы кургакчылык, суунун тартыштыгы дыйканчылыкка гана кедергисин тийгизбестен, энергетикалык абалга дагы көлөкөсүн түшүрүүдө. ГЭСтерге суу аз топтолду. Маселен азыр Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 400 млн кубдан бир аз ашат. 2022-жылы бул көрсөткүч 2 млрд кубга көп болчу. Мындан улам Министрлер Кабинети колунан келген чараларды көрүүдө. Алгачкы кадамы 2023-жылдын 1-августунан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейин улана турган өзгөчө кырдаал режимин киргизип, ага Президент кол койду.
Бул чечимди баарыбыз туура кабыл алышыбыз керек. Анткени, быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 миллиард кВт/саат болсо, кийинки жылдары мындан дагы өсөрү турган иш. Атай айтсак, 2023-жылы керектөө 17 миллиард 200 миң кВт/саат болсо, 2026-жылы 19 миллиард кВт/саатка чейин чапчыганы турат. Жалпылап айтканда, дефицит 5-6 миллиард кВт/саатка жетиши мүмкүн. Андыктан алдын ала акыл калчоо, өзгөчө кырдаал менен жөнгө салуу – учурдун талабы экенин моюнга алышыбыз шарт. Өзүбүз ойлонбосок, бирөө келип чечип бербейт.
Андан көп өтпөй Энергетика министрлиги дагы бир билдирүүнү чыгарып, күз-кыш мезгилинде электр энергияга 5 кВт/сааттык чектөө киргизилерин, үйдү жылытууда электр мештерин колдонууга тыюу салынарын айтты. Бул дагы каатчылыктын алдын алуудагы чоң кадам экенин белгилей кеткенибиз оң. Себеби, хансарайлар, тойканалар өңдүү көлөмдүү имараттар өтө чоң энергияны коротуп, таңкыстыкты жаратары бышык. Ал эми жөнөкөй калктын колдонгонуна бул чектөөлөр залакасын тийгизбейт, 5 кВт/саат кеңири жетет.
Кырдаал оор экенин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өзү да айтып, күз-кыш мезгилинде электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ал тургай агынан жарылып, “Керек болсо кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыкты өчүрөлү” деди. Чындыгын айтыш керек, азыркы энергетикалык кризиске бүгүнкү бийликти күнөөлөө туура болбойт. 30 жылдан бери акыйнек айтышып, мамлекетти талкалаган жетекчилер айыптуу экенин баарыбыз билип турабыз. Элдин келечегин ойлобой, жалаң өз көмөчүнө күл тартуунун кесепетинен азыркы абалга кептелдик.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн деп коёлук, азыр бир нече ГЭСтер курулуп жатканы айкын болду. Айрымдарын атай кетсек, 2023-жылдан 2026-жылдын соңуна чейин жалпысынан 4 гВт 700 мВт.тан ашуун кубаттуулуктагы 48 ГЭС, ошондой эле 5 гВт 700 мВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар ишке кирет экен. Мындан тышкары, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери толугу менен реконструкцияланып, кошумча 276 мВт кубаттуулук кошулганы турат. Аларга катар Камбар-Ата–1 жана Камбар-Ата–2 курулуп бүтсө, экөө биригип 2 гВт.тан ашуун электр энергиясын өндүрө баштамакчы.
Чагымчылдыкка алдырбай, өлкөбүз тынч турса, жакынкы жылдарда оор абалдан чыгып кетчүдөйбүз. Ал үчүн бейкуттукту сактаганга ар бирибиз аракеттенишибиз зарыл. Анткени, кылдан кыйкым таап, бөйрөктөн шыйрак чыгарган айрым саясий топтор өлкө ичинде будуң-чаң чыгарып жиберүүгө даяр турганын барыбыз эле байкап жатабыз. Социалдык түйүндөрдө терс маалыматтарды жайылтып, коомдун аң-сезимин бурганга аракеттенишүүдө. Олку-солку болсок алдыга жылышыбыз күмөн, таш-кесектен мурун келечекти ойлонор кез келди.
Баса, электр энергиясына болгон 5 кВт/ саат чектөөнү туура эмес түшүндүрүп, 5 кВт бир күнгө деп маалымат таратып жаткандар бар. Аныгында андай эместигин Энергетика министри белгилеп, мындай норма кечки сааттарда гана маанилүү экенин айтты: “5 КВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Эч ким 10 КВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Анткени, биздеги бир фазалуу линиялар 5 КВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары күйүп кетет. Союз убагында саатына 3 кВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 кВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлардын техникалык шарттары бар, ошого жараша колдонушат, аларды эч ким чектей албайт” – деди.
Министр кышында чектөөлөр болбой турганын да белгилеп, эң көп колдонулган учурда көмөк чордондо чыңалуу өсүп кетсе, аны башка фидерге которуу үчүн 1,5-2 саатка өчүрүлөрүн, эгер андай кылбаса көчөдөгү трансформатор жарактан чыгарын, аны кайра кошуп, жаңылатканга 3-4 күн убакыт кетерин айтты. Мунун баары ар бир адамдын логикасына сыя тургандай факты экени чындык. Айтор, кырдаалды жалпыбыз түшүнүү менен кабыл алып, өлкөбүз энергетикалык кризистен чыгып кетишине салым кошушубуз керек. Жаркын келечекти камсыздоо өзүбүздүн колубузда турат.

 

Зулпукаар САПАНОВ

№74 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 15-сентябры

 

Пример HTML-страницы