Электр энергиясынын тарифи жеке кызыкчылыкты көздөгөн саясатчылар тарабынан чайкоочулукка айланып, бир нече жылдар бою өзгөртүлбөй келгенин жалпыбыз жакшы билебиз. Тарифтик саясатты курал кылып, өзүнүн мүдөөсүнө жетиш үчүн жөнөкөй жарандарды митингдерге чыгарганы баарыбызга маалым. Анын айынан энергетика тармагы кризиске батып, азыр оор абал түзүлүүдө. Куру кыйкырык менен жүргөндөрдүн азабын тартып, кышкысын оор жагдайларга кириптер болуп жатабыз.
Ошого катар эгемендүүлүк алгандан берки учурдагы бийлик башына келген жетекчилер энергетика тармагына талкалагандан башка иш жасаган жок. Айрымдары ооз жүзүндө орок орсо, кээ бири энергетика жаатында «кожо көрсүн» деген сыңарындагы пиар иштер менен алек болду. Өкүнүчтүүсү, так ушул энергетиканын жагдай-шартын жакшыртуу жаатында ири суммадагы кредиттерди алган жетекчилер чеке жылытарлык иштерди аткарбай, сол чөнтөгүнө солоп кеткенине дагы күбө болдук. Мына ошол шалаакылыктын кесепеттери бүгүн оркоюп чыгып, энергетикалык кризиске туш болуудабыз.
Президент Садыр Жапаров да бир ай мурун муну ачык айтып чыгып: “30 жылда бир дагы кошумча ГЭС курулган эмес. Элдин саны эки эсеге жакын өстү. Жыл сайын энергетикалык керектөөлөр өсүп жатат. Үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык, инфратүзүмдүк объектилер салынууда. Анын баарына эле ар кыл деңгээлде кошумча электр кубаттуулугу керек да. Мындан сырткары, кышкысын 3 миллиард кВт/саат электроэнергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Суунун башында туруп, электроэнергиясын импорттогонубуз өтө уят нерсе. Муну биз 30 жыл алдын ала эле ойлонуп, намысыбызга келишибиз керек эле. Эң жок дегенде, жылына 50 мВттык ГЭСтерди куруп келгенибизде, бүгүн мындай көйгөй жаралбайт эле” деди.
Айтор, буга чейинки жетекчилердин учурунда Токтогул ГЭСи энергетиканын негизги булагы болуп, кынтыксыз иштеп келди. Бирок, жок дегенде ошону да оңдоп-түзөп койгонго жарашкан эмес. Тескерисинче талкалашып, уурдап-тоношуп, быт-чытын чыгарышты. Бири да көңүл бөлбөптүр. Элдин бактысына жараша, биринчи агрегаты ишке берилген 1975-жылдан бери тынымсыз иштеп берди. Иштөө мөөнөтүнүн кепилдиги 30 жылды гана түзөт экен, ал ашыкчасы менен 50 жыл иштеп берди. Көзүбүз көрүп тургандай, агрегаттар өз мөөнөтүн ашыгы менен иштеп, азыр жараксыз абалга келген. Жаңылоо иштери жүргүзүлбөсө кыштын оор күндөрүндө токтоп калышы толук мүмкүн болуп калган.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн десек болот, 2022-2023-жылдары Токтогул ГЭСинин 2-4-гидроагрегаттары капиталдык оңдоодон өттү. Быйыл март айында 1-гидроагрегатын реконструкциялоо иши башталды. Кышка чейин бул гидроагрегат оңдолсо, 60 мВт кошулат. Ал эми 3-агрегаты эмдиги жылы капиталдык оңдоодон өткөргөнү турушат. Мына ушул иштер ийгиликтүү аткарылса, Токтогул ГЭСи толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, 240 мВт электр энергия кошулат. Андан ары дагы бир топ жылга чейин былк этпей иштеп берет.
Мындан сырткары, «Үч-Коргон» ГЭСи дагы 1962-жылы ишке киргизилгенден бери бир да жолу оңдолгон эмес экен. ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жыл болсо, анын мөөнөтү 1992-жылы эле аяктаган. Өз милдетин 30 жыл ашыгы менен аткарган. Учурда ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, дээрлик жараксыз абалга келген. Быйыл 5-марттан баштап Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегатын реконструкциялоо үчүн токтотулду. Ошого катар элди жылытуу мезгилинде жылуулук, жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында “Бишкек электр тармактары ишканасы” да жогорку чыңалуудагы электр подстанцияларын, чубалгыларды оңдоо ишин баштады.
Албетте, булардын баары чоң каражатты талап кылат, олчойгон акчалар кетет. Аны бүгүнкү бийлик таап жатканына ыраазычылык билдиришибиз керек. Буга чейинки жетекчилер каражат таппаган үчүн реконструкциалоо иштерин жүргүзүшкөн эмес. Ооба, алдыда дагы чоң иштер бар. Күрпсай, Шамалдысай, Таш-Көмүр, Камбар-Ата-2, Ат-Башы ж.б. ГЭСтердин дагы жабдыктары 80 пайызга эскирген, аларды оңдоо иши турат. Ошондой эле Бишкек, Ош ЖЭБдери да көп жылдан бери толук кандуу капиталдык оңдоодон өтө элек. Атамбаевдин учурунда модернизациялоо деген шылтоо менен Кытайдан 385 миллион доллар кредит алынып, жарымы уурдалып кетти. Ошондой эле 1960-70-жылдары тартылган электр чубалгылар да толук жаңыртыла элек.
Экономисттердин билдирүүсү боюнча энергетика тармагындагы тартыштык 2023-жылы 9 млрд сомду түзгөн. Эгер мунун алдын албасак, 2024-жылы ал 11 млрд сомго чыгып, 2025-жылы 13 млрд сомго жетиши мүмкүн. Ошол эле кезде энергетикалык мекемелердин жалпы карызы учурда 103,3 млрд сомду түзөт. Жакынкы жылдарда энергетика тармагы реформаланып, сыртка электр энергиясы экспорттолбосо узак жылдарга созулган энергетикалык кризис башталат. Мунун алдын алуу үчүн буга чейин улак тартышка айланган тарифтик саясатты жолго коюу керек. Чындыгына келгенде энергетикадагы тарифтер ондогон жылдар бою өзгөрбөй келди. Маселен, 1990-жылдары газдын миң куб метри 50 доллар болсо, азыркы күндө 300 доллардан ашты. Көмүрдүн баасы дагы жыл санап өсүп жатат. Ал эми электр энергиясыныкы ошол бойдон сакталып келди.
Былтыр гана 1-майдан тартып электр энергиясынын тарифин 30%га жогорулатып, калк үчүн бир кВт/саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сомго, бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйынга көтөрүшкөн. Ошого катар тарифти жыл сайын инфляцияга жараша өзгөртүп турмай болушкан. Бул эми чынында туура, баалардын өсүп турушун жашоо-турмуштун мыйзам ченемине ылайык кабыл алышыбыз керек. Электр жабдыктары, энергетика тармагына керектелүүчү каражаттардын баары сырттан келип жатат, алардын баасы жыл сайын өсүүдө. Шүгүр дешибиз керек, бизде электр энергиясын элге өздүк наркынан төмөн сатып келе жатат, тариф анчалык деле кымбат эмес. Ошол эле сууга бай деген Россия, Тажикстанда электр энергиясына тариф биздикинен бир топ жогору, муну да биле жүрүшүбүз милдет. Эң башкысы алар энергетика тармагындагы тарифти саясий чайкоочулукка айландырышкан жок.
Өткөн жумада Министрлер Кабинети «Кыргызстандын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алды. Ага ылайык, электр жарыгынын баасы 1-майдан тарта көтөрүлөт. Айына 700 кВт саатка чейин керектелген 1 кВт саат электр жарыгынын акысына 10,8 тыйын, андан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын, электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, электр жарыгын айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйын кошулат. Тактап айтканда, 700 кВт саатка чейин керектегендер үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйын болот. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2,39 сом болот (азыр 2,16 сом). Аз камсыздандырылган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55 тыйынга чыгат (азыр 50 тыйын). Бюджеттик колдонуучулар 3,76 сомдон төлөп баштайт (учурда 2,87 сом). Чектөөсүз тарифти колдонгондор 3,63 сомго чыгат (азыр 3,27 сом).
Башкасына кол шилтеген күндө дагы акыркы жылдарда климат өзгөрүп, суу тартыш болуп жатканын моюнга алышыбыз керек. Токтогул ГЭСи эки жылдан бери толбой жатат. Кудай жалгап быйылкы кыш жылуу болуп, энергетиканын азабын анчейин тартпадык. Бирок, эртеңизби ойлоп, ар бирибиз электр энергиясын өзүбүздүн аялуу нерсебиздей сарамжалдуу пайдаланганды үйрөнүүгө милдеттүбүз. Кыскасы, инфляциянын алкагындагы 10 тыйынга көтөрүлгөн тарифтик саясатты туура түшүнүп, чуру-чуу түшпөй, энергетикага жасалган салым катары кабыл алышыбыз керек.
Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ
№33 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 30-апрели