"Эркин-Тоо"

ЭНЕРГЕТИКАНЫН ЭРТЕҢИ КАНДАЙ?

Саясий ишмер Тимур САРАЛАЕВ:

“Кошуна мамлекеттерде абал алда канча татаал”

— Суукка байланыштуу электр жарыгынын маалмаалы менен өчүрүлүп жатышы кызуу талкууга алынып жатат. Мындай көрүнүш кошуна мамлекеттерде дагы катталып, аларда абал бизге караганда алда-канча татаал. Жарыксыз эле калбай, газы жок, жылуулук өчкөнүн жаңылыктардан окуп жатабыз. Ушу тапта электр энергиясы айрым жерлерде 1-2 саатка өчүп калууда. Энергетиктер тынымсыз электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, бул кырдаалды сабырдуулук менен жеңип чыгалы деген өтүнүч менен калкка кайрылышууда. Аны айрымдар түшүнүү менен кабыл алса, кээ бирлер өтө эле саясий боек менен кооздошууда.

Кыргызстанда электр энергиясы жетиштүү, бирок 30 жылдан бери эскирип бүткөн трансформаторлор күч келгенде көтөрө албай жарылып, иштен чыгып жатат. Аларды жаңыга алмаштырганча убакыт өтүүдө. Буга чейин энергетика тармагын алгылыктуу карашкан эмес, талап-тоноолор да болгон. Ага мисал катары 600 долларлык кычкачтарды айтсак болот.

Мамлекет бекеринен “КамбарАта 1” сыяктуу ири ГЭСтерди куруу иштерин баштаган жок. Бардык аракет өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту бекемдөө үчүн жасалып жатканын түшүнүшүбүз керек. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Таластагы “Бала-Саруу”, Нарындагы “Куланак” ГЭСтеринин курулушу да аяктоо алдында турат.

Азыр сабырсыздар жарыктын өчкөнүн трагедия кылышууда. Ар кимди күнөөлөө менен абалдан чыкпайбыз. Суук ашып кетсе бир жумада кетет, буюрса абал турукташат. Бул табият. Азыр электр энергияны маал-маалы менен өчүрүп турбасак, чыныгы көйгөйлөр жаралышы толук ыктымал. Ошондуктан абалды түшүнүү менен кабыл алалы. Андан көрө Өзбекстандагыдай жарык өчүп, газ жок, жылуулук берилбей калган абал болгондон Кудай сактасын. Элибиз Нарындын суугуна, Чоң-Алайдын шамалына, Чаткалдын карына, Кочкордун музуна деле чыдап, кабагым-кашым дебей жашап келе жатышат.


Жеке ишкер Элетбек ОСМОНОВ:

“Бирдиктүү саясат керек”

— Энергетикалык кризистин негизги себеби — менчик десе эле кокуй сатылып кетти деп чочуй бергендик. Өлкөнүн мурунку президенттери социалдык баш аламандыктан коркушуп, энергетика системасын модернизациялаган эмес. Бүгүнкү күндө бизде ансыз деле электр энергиясын тараткан жеке менчик ишканалар бар. Алар ГЭСтен келген энергияны дүңүнөн сатып алып эле “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” ж.б. ишканалар сыяктуу кардарларга таратат. Бирок аларга караганда жеке ишканалардыкы бир топ сапаттуу десем жаңылышпайм. Алардын трансформаторлору жаңы, авариялар жокко эсе. Байкашымча өчүрүү деле көп болбойт, тарифи деле эл катары. Ага карабастан өздөрүнө киреше-пайда дагы көрүшөт. Ал эми миллиондогон кардарлары бар экенине карабастан мамлекеттик ишканалар зыяндын үстүнөн зыян эле тартып жүрүшөт. Канча деген киловаттарды “жоголду” деген шылтоо менен жең ичинен сатышууда. Менчик ишканада коррупция болбойт. Болсо дагы мамлекеттик казынага зыяны тийбейт. Эгерде энергетика тармагы менчик ишканаларга өтүп мамлекет тарабынан колдоого алынса, көбүрөөк инвестиция тартылып, кадимки уюлдук операторлордой эле атаандаштык жаратышып, кардарлары үчүн жакшы иштешмек. Айрыкча жаңы курулуштар аларга өз ыктыяры менен уланып, жалпы система жеңилдемек. Мындай жагдайда Американы ачуунун деле кереги жок. Мамлекет тейлеген кайсыл тармак кризиске учурабай, өнүгүп кетти эле? Бирдиктүү саясат менен иш алып баруу керек деп ойлойм.


Бишкек шаарынын тургуну Мекен Сагындыков:

“Колдон келсе колдоо көрсөтөлү”

— Бүгүнкү күндө Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдөгү энергетиканы бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын санынын кыскарганы колдоого татырлык. Ортомчу компаниялар –мамлекеттик мекеме менен кардарлардын ортосундагы электр энергиясын бөлүштүргөн ишканалар. Учурда алардын саны эки эсеге кыскарды. Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап электр энергиясынын 23 тыйынга кымбатташына айрымдар нааразы болгон менен, көпчүлүк туура эле түшүнүп жатат. Эч болбоду дегенде ар бир үй-бүлө өз керектөөсүнө анализ жүргүзүүсү зарыл. Бардык нерсе ар тараптуу өнүгүп жаткан маалда, электр энергияны керектөөнүн дагы кубаттуулугу артууда. Өлкөнүн келечеги үчүн 23 тыйындан саясат жасабай, колдон келсе колдоо көрсөтүшүбүз керек. Кыргызда жоктон көрө бар жакшы деген жакшы сөз бар эмеспи. Электр энергиянын баасы кымбаттаса да болуп турганы жакшы.

Разия ЖООШБАЕВА
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!