Кыргызстанда педиатр, гематолог, неонатолог, санитардык дарыгер сыяктуу адистер тартыш. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди
«Кыргызстанда медициналык жогорку окуу жайлар арбын. Анда көбүнчө Индия жана Пакистандан келген чет элдик студенттер билим алышат. Ата мекендик адистерди Медициналык академия, Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университеттери даярдайт. Бирок алыскы аймактарда адистер жетишсиз. Гематолог, неонатолог, педиатр сыяктуу кесиптерге кызыккан адистердин жетишсиздиги чоң маселе жаратууда. Эпидемиологдор жана санитардык дарыгерлер боюнча да ушундай эле көйгөйлөр бар. Анын себептери жашоо шарттары жана төмөнкү эмгек акы болууда», — деген Исмаилов.