"Эркин-Тоо"

Эрдик, эскерүү жана асмандагы дрондор шоусу: Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт

2025-жылдын 9-майында Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында масштабдуу иш-чара уюштурулат. «Жеңиш ырлары» аталышындагы бул маданий иш-чара кыргызстандык жана орусиялык белгилүү артисттердин катышуусунда өтөт. Алсак, концертке белгилүү аткаруучулар Radio Tapok, Тима Акимов, Татьяна Куртукова жана Орусиянын эл артисти Дима Билан катышат.

Ошондой эле майрамдык программада Улуу Ата Мекендик согуштагы учурларды чагылдырган видеофрагменттер көрсөтүлөт. Түшкү маалдан тарта Ала-Тоо аянтында атайын интерактивдүү аянтчалар иштей баштайт. Алсак, курал-жарактар, аскердик форма, согуш учурундагы тиричилик буюмдары жана кыргыз, орус аскерлеринин эрдиктерине арналган экспонаттар коюлат. Аны менен катар калаанын асманында миңдеген жарыктардан турган дрондор шоусу тартууланат.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Бишкек шаардык мэриясынын, «Жеңиш 9/45» кыймылынын жана «Евразия» уюмунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараларга байланыштуу 8-9-май күндөрү Ибраимов көчөсү (Жибек-Жолу — Чүй проспектисине чейин), Шопоков көчөсү (Жибек-Жолу — Чүй проспектисине чейин), Чүй проспектиси (Курманжан Даткадан Турусбековго чейин) жабыларын шаардык мэрия кабарлады.