Белгилүү орус окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору Виктор Козодойдун “Эренек – Сибирь кыргыздарынын беги” деген китебинин таанытымы болуп өттү.
Бул китеп үч өлкөдөгү 20 шаардын архивин, музейлерин, китепканаларын тыкыр изилдеп чыккан кажыбаган эмгектин натыйжасы. Тарыхый маалыматтарды күкүмдөйдөн чогулткан автор кыргыздардын дээрлик он тогуз кылымдык тарыхын чагылдырууга аракет кылган. Кыргыздар Енисей дарыясынын жээгин эле жердебестен Батышта Иртыштан тартып чыгыштан Аму дарыяга чейинки эбегейсиз зор аймакты мекендеп турган. Китептин таанытымына келген элдин көптүгү Виктор Козодойду чындап таң калтырды. Ал социалдык тармактагы өз баракчасына минтип жазды: “Дале болсо толкунданган сезимимди баса албай, кечеден алган таасир менен жүрөм. Мен өмүрүмдө биринчи жолу илимий китептин ачылышына 600дөн ашуун адам келгенин көрдүм. Анын үстүнө эч кандай жарнама, административдик күч колдонулган жок. Элдер социалдык тармактар аркылуу эле маалымат алып келишти. Зал толо элди көрүп, тамагым кургап, толкунданып кеттим. Залда өкмөт мүчөлөрү, тарыхчылар, белгилүү инсандар олтурушту”.
Китепте он жетинчи кылымда жашаган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, дипломат, Сибирь кыргыздарынын беги Эренек Эшей уулунун өмүр жолу, ата-теги, ошол доордогу кыргыздардын турмушу, коңшу мамлекеттер менен болгон алакакатышы, саясий, социалдык абалы өтө чебер чагылдырылган. Эренектин туулган жылы так эмес, болжолдуу 1630-1635-жылдары төрөлүп, 1687-жылы көз жумган. Сибирдин Минуса ойдуңундагы кыргыздардын Хонгарай же Хоорай деп аталган мамлекеттик түзүмүндө алгач бир аймактын беги болуп, кийин жалпы мамлекетти жетектеген. Орус империясы аймагын кеңейтип, Сибирди каратуу аракетин күчөткөндө Эренектин чоң атасы Номча, атасы Эшей, кийин Эренек өзү узак жылдар бою каршылык көрсөтүп, өз жерин коргоп турушкан. Алар тууралуу китепте мындай кызыктуу маалыматтар жазылган:
– Эренектин чоң атасы Номча бек жана атасы Эшей бек аскердик, саясий, дипломатиялык тажрыйбаларынан үйрөтүшүп, экөө тең келечектеги бектин жол көрсөтүүчүсү, устаты болушкан. Сибирдеги кыргыз бектери көп жылдар бою орус падышалыгы жана Жунхар хандыгы менен тең ата сүйлөшүп, дипломатиялык мамиле түзүп келишкен. Эренек бек 1677-жылдын күзүндө Красноярскиге тынчтык сунушу менен бир тууганын жөнөтүп, орустар ага өз элчилерин жибериш керек экендигин айттырат. Жагымдуу кабарды уккан Сибирдеги орус бийлиги элчиликке бара турган адамдарды чогултуп, Красноярск ыстарчыны Д.Загряжский ал топко атаман кылып Р. Кольцовду бекитет. Р.Кольцов 1678-жылдын 28-февралында Красноярскиге кайтып келип, Эренек бектин монгол тилинде жазылган катын орус бийлигине тапшырат. Катта өзүнүн милдеттерин баяндап, Эренек бек тынчтык келишиминин шарттары эки тараптан тең бирдей аткарылышын билдирет. “Эгер сөзүңөргө турбасаңар, анда күнөө ыстарчын менен Родиондо болот. Эгер мен, Эренек сөзүмө турбасам, анда күнөө менде, Эренекте жана улус адамдарында болот”.
Жазылышы жагынан дипломатиялык өнөрдүн үлгүсү болгон Эренектин каты тууралуу белгилүү тарыхчы С.Бахрушин минтип жазган: “Бул 1678-жылдагы келишимди кыргыз бегинин ири дипломатиялык жеңиши катары таануубуз керек. Ал атасы менен агасы 1627-жылы эле талап кылган шарттарды иш жүзүнө ашырууга жетише алган”.
Эренек баатыр 1687-жылы жунгарлар менен чогуу монголдорго каршы согушта курман болот. Тарыхчы Виктор Козодойго окурмандар суроо узатышты. Суроого жооп берип жатып Виктор Козодойдун: “Азыр Сибирде эмгектенип жүргөн кыргыздарды гастарбайтер деп айтпаш керек, алар өздөрүнүн жеринде жүрөт” деген сөзү катуу кол чабуулар менен коштолду. Китептин таанытымына белгилүү кыргыз тарыхчылары, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов, Табылды Акеров, Олжобай Каратаев, казак тарыхчысы Зиябек Кабульдинов катышып, сөз сүйлөштү. Ал эми Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз тарыхын изилдөөдөгү зор эмгеги үчүн Виктор Козодойду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак баракчасы менен сыйлады.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№91 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 17-ноябры