"Эркин-Тоо"

Эркин Чечейбаев: «Кызамык олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн»

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызамык оорусуна байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады. Кайрылуусунда жаш балдарды кызамыктан коргоо зарылчылыгын баса белгилеп, ал олуттуу көйгөйлөргө жана өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн экендигин айтты.

«Эмдөө кызамыктан коргонуунун натыйжалуу ыкмасы. Андан баш тартуу аталган кооптуу илдеттин жайылышына түрткү болууда. Ошондуктан балдарыңыздардын дени сак жашоосу үчүн жакынкы үй-бүлөлүк борборго барып, кызамыкка каршы эмдөө алдырыңыздар!» — деди министр.