"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Эркин күрөш боюнча чемпионат башталды

Бүгүн, 24-декабрда, саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Чемпионаттын биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт. Аны өткөрүүнүн негизги максаты эркин күрөштү өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, сергек жашоо образын даңазалоо, спорт аркылуу баңгизатка, алкоголизмге жана тамеки чегүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамын толуктоо болуп саналат.

Мелдеште Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын 2026-жылы өтө турган Азия чемпионатына, Дүйнө чемпионатына, эл аралык жана лицензиялык турнирлерге катышуу үчүн тандоо жүргүзүлөт. Жыйынтыгында I, II жана III орундарды ээлеген спортсмендер медаль жана дипломдор менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамына киргизилет.