"Эркин-Тоо"

Эркин МАМАЕВ: “ЭЛДИН САЛАМАТТЫГЫН САКТОО – КЕСИПТИК ЖАНА ИНСАНДЫК МИЛДЕТИБИЗ”

Жалпыбызга белгилүү болгондой байыркы Ош шаары учурда учу-кыйырына көз жетпеген ири калаага айланып баратат. Сыймыктуу шаарда жашаган ар бир жарандын ден соолугуна, оорулардын алдын алууга кам көрүү учурдун маанилүү маселеси. Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекети ушул жооптуу милдеттерин өз мезгилинен кечиктирбей так, тыкан аткарышууда. Бирок, ушул мекеменин жалпы абалы азыр заман талабынан артта калганы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Ушундан улам, коомчулукту тынчсыздандырган суроолорго жооп алуу максатында Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекетинин башкы дарыгери Мамаев Эркин Темирбаевичке кайрылганыбызда, ал бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

— Эркин Темирбекович, оболу залалсыздандыруу мекемесинин таржымалынан сөздү баштасак.

— Жакшы болот. Биздин мекемебиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгарган чечиминин негизинде, Ош шаар аймагында өтө кооптуу болгон: чума, кутурма, калтырама, лептоспироз, псевдотуберкулез, күйдүргү жана гепатит, ич келте, паратиф, дизентерия өңдүү жугуштуу илдеттердин чыгып эл арасына таркап кетпөөсүнүн алдын алуу максатында иш алып барат. Жогорудагы илдеттердин негизги таратуучулары болгон келемиштерге каршы дератизациялоо жана курт-кумурскалар классына кирүүчүлөргө каршы дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү кызмат көрсөтүп келет.

Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекетмекемеси 1971-жылдын 1-февралында Ош облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн №184 буйругунун негизинде түштүк региону боюнча «Ош шаардык дезинфекциялоо станциясы» деген ат менен уюшулган. Ошентип, жарым кылымдык тарыхы бар биздин мекемебиз 51 жылдан бери элибиздин саламаттыгына кам көрүп дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо жумуштарын өз убагында тез жана сапаттуу жүргүзүп келе жатат. Мекемеде 19 штаттык бирдик бар: 2 врач, 2 дезинструктор, 1 дерат. лаборант, 5 дезинфектор, 1 эсепчи, 1 айдоочу, 2 күзөтчү, 1 санитарка, 1 чарба кызматкери, 1 тендер адиси бар.

— Коомчулукта залалсыздандыруу борборунун абалына нааразы болгондор жок эмес экен. Мунун канчалык чындыгы бар?

— “Калк айтса –калп айтпайт” деген сөз бар элибизде. Коомчулук биздин борбордун иштөө шарты тууралуу жөндүү пикирлерди айтып келишет. Аны биз деле угуп жүрөбүз. Азыркы учурда 660 м.кв. жер тилкесинин аймагында жайгашкан эскилиги жеткен имаратта иштейбиз. 2015-жылы эле ӨКМнин Ош шаарындагы башкармалыгы тарабынан имаратты пайдаланууга жараксыз деген корутунду чыгарылган. Жыл сайын үстүртөн оңдоп-түзөп турганыбыз менен толугу менен оңдоого чамабыз жетпейт чынында. Албетте биз кол куушуруп эле отурганыбыз жок, инвесторлорду тартууга долбоорлорду жазып жатабыз.

Биздин мекеме өзүн-өзү каржылоочу принцибинде иштегенине байланыштуу, жыл башында шаардагы мекеме-ишканалар менен келишим түзүп, ошол келишимдин негизинде иш алып барабыз. Каралбай калган жерлерде, таштанды ташталуучу жайларда, канал-арыктардын жээктеринде, көрүстөндөрдө жогорудагы илдеттердин негизги таратуучулары болгон келемиштерге каршы дератизациялоо иштерин жүргүзөбүз.

— Борбор ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш алып барат экен. Коомчулук сиздердин ишиңиздерге канчалык маани берет?

— «Оорууну дарылоодон көрө алдын алуу жакшы» дегендей, эч ким кепил боло албаган күтүүсүз илдеттердин алдын алуу менен шаар элинин саламаттыгын сактоо, бул биздин кесиптик жана инсандык милдетибиз. Биздин мекеме жогорудагы илдеттер менен бирге эле күтүүсүздөн пайда боло калуучу вирустук инфекцияларга, жугуштуу дарттарга, ошол эле коронавирус, омикрон жана башка ушул сыяктуу ооруларга каршы дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү менен да кызмат көрсөтөт.

2020-жылы миндеген адам өмүрлөрүн алып кеткен бүткүл дүйнөлүк пандемияда эпидзоотиялык абалды көзөмөлдөп туруу үчүн Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекетмекемесинде эки бригада түзүлүп, аларга коронавирус илдети жөнүндө атайын семинарлар өткөрүлдү жана илдеттин алдын алуу максатында өтө жоопкерчиликтүү иштерди жасадык.

Ош шаарында коронавирус илдети катталгандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 15-мартынан коронавирус илдетине каршы дезинфекциялоо жумуштарын Ош шаарынын аймагындагы адамдар көп топтолуучу коомдук жайларда, ошондой эле коомдук автотранспорттордун ички салону, отургучтар, адамдар кармап туруучу кармагычтар, айдоочу отурган жай, түшүп чыгуучу эшиктер дезинфекцияланды. Автобус-троллейбустарга, коомдук унааларга коронавирус илдетинин белгилери, андан кандай сактануу керектиги жөнүндө көрнөктөр таркатылып берилип, айдоочуларга коронавирус илдети жөнүндө түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Дезинфекциялоо иштерин кандай жүргүзүү керектиги боюнча ар бир айдоочуга жеринде көрсөтүп, үйрөтүлдү. Таблетка түрүндөгү дезинфекциялык каражаттар менен камсыздалышты.

Ковид илдетине каршы күрөшүүдө биздин кызматкерлер өз өмүрлөрүн тобокелге салып күндөп-түндөп иш үстүндө болуп, илдетти жеңүүдө зор салым кошушту. Ошол кырдаал дезстанциянын канчалык деңгээлде шаарга керек экендигин дагы бир ирет тастыктады.

Союз маалында бул ишканада 17 бригаданын курамында 510дон көп ашуун адам эмгектенген. 27 атайын адистештирилген автоунаасы, 1 ДУК, 1 дезинфекциялоочу электр камерасы, 1 кыймылдагы камерасы бар ишкана эле. Убакыттын өтүшү менен анын баары, аларга кошулуп бир топ аянттарыбыз, автоунаалар, камералар иштен чыгып, кыскарып, башка ишканаларга өткөрүлүп жок болду.

Ош шаарынын калкы келечекке умтулуу менен өнүгүү жолунда келе жатат. Шаарда жыл санап калктын санынын өсүшү, калкты коопсуз тейлөөдө жаратылышта болгон кырсыктарда, улут аралык коогалаңдар учурунда, пандемия мезгилинде ж.б. дезстанциянын өтө керектигин далилдеп койду. Ош шаардык мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет-мекемесинин ар тараптан кеңейиши бул – заман талабы. Ошол себептүү, биздин мекемеге мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, штаттык, техникалык жактан көбөйүшүбүзгө, имаратыбызды жаңылоого каражатты тактап, жардам берүүсүнө муктажбыз.

Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекетинин башкы дарыгери Мамаев Эркин Темирбаевич жетекчи катары эле эмес өз кесибинин устаты, калк саламаттыгын биринчи орунга койгон ак халатчан катары кыйроого учурап бара жаткан тармактын көйгөйлүү маселелерин көтөргөнү өтө маанилүү. Жетекчинин арыз-муңу, үнү тиешелүү мекемелерге жетип, коркунуч келтирилген жагдайлардын чечиле тургандыгына ишенебиз.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!