“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин эл аралык кызматташуусунун арымы кеңейип баратат. 2024-жылдын 3-4-июнунда Казак Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучу мамлекеттеринин саммитинин алкагында Кыргыз Республикаснын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн жана ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн бир нече тармактар боюнча кызматташуу документтерине, анын ичинде «Жэньминь жибао» (Кытай Эл Республикасы) менен «Эркин-Тоо» гезитинин (Кыргыз Республикасы) ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга Кытай тараптан То Чжэнь мырза, Кыргыз тараптан гезиттин башкы редактору Наралы Асанбаев мырза кол коюшту.
Маалымат алмашуу жана кызматташуу аркылуу Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достукту тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүнү максат кылган «Жэньминь жибао» жана «Эркин-Тоо» басылмалары бир пикирге келишип, экинчи тарапка өзүнүн медиасынан жана платформаларынан (анын ичинде веб-сайттан, мобилдик тиркемеден, социалдык медиа аккаунттарынан) оригиналдуу жаңылык мазмунун тандоого уруксат берип, электрондук почта аркылуу үзгүлтүксүз же каалаган учурда жаңылыкты берип тууруга макулдашылды.
Бүгүнкү күндө экономикалык жактан өнүгүп жаткан Кытай Эл Республикасынын жетишкендиктерин “Эркин Тоо” гезитинин окурмандарына жеткирип турууга, ошондой эле Кыргызстандагы маанилүү окуялар, кызыктуу кабарлар менен кытай окурмандары дагы кабар болуп турушуна шарт түзүлдү. Достук мамиледеги сүйлөшүүнүн натыйжасындагы ишке ашырылып жаткан эки тараптуу кызматташуунун сапары байсалдуу болуп, кылымдарды карыта беришин каалайбыз.