Кыргыз Республикасынын инвестициялык чөйрөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана инвестициялык ишмердүүлүктөгү жогорку жетишкендиктери үчүн “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору Карбосова Жазгүл Жузуповна Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуяларды коомчулукка ыкчам жана калыс чагылдырууга кошкон салымы үчүн дагы Ардак грамота ыйгарылды.
Сыйлыктар журналистиканын өнүгүшүнө, коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыздоого жана өлкөнүн инвестициялык имиджин чыңдоого кошкон салымды баалоонун белгиси болуп саналат.


