Эркиндигибиз – эң чоң байлыгыбыз
Эгемен өлкө болгонубузга 30 жыл толот. Бул башка бардык учурга караганда төбөбүз көккө жете сүйүнө турган өзгөчө майрам. Бизге көз карандысыз мамлекет болуу бактысын тартуулаган күн. Миң жылга тете бир күн деген — так ушул күн. Ушул күндү утурлай айрым атка минерлерди сөзгө тартып, “Эгемендик бизге эмне берди?” деген суроого жоопторду алдык.
Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгы — өзгөчө майрам. Эгемендүүлүккө жетишкенибиздин өзү чоң бакыт. Орто Азияда демократиялык өлкө деп эсептелебиз, бул бааны эл аралык уюмдар өздөрү беришкен. Демократиянын принциптери, сөз эркиндиги биздин чоң жетишкендигибиз. Экономикалык жактан артта калганыбыз бир аз ойлонтот, бирок пандемиядан улам көп өлкөлөр азыр кризисте турат. Кыргыз Республикасы демократиялык прициптерди, укуктукэркиндикти жетекчиликке алганы чоң жетишкендик деп айтаар элем. Парламентаризм өнүгүшү боюнча жаштарга лекция окуганда да өтө курч жаштарды көрөм. Алар балким башка коңшу өлкөлөрдө депутаттар менен теңата минтип эркин сүйлөй алышмак эмес. Бул өтө чоң жетишкендик. Биз көз каранды болууну каалабаган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Мен көп жылдан бери байкаганым, биз өлкөнүн ичинде бири-бирибизди сындай беребиз, бирок чет өлкөгө чыкканда өлкөбүздү сүйүп, эч бир жаман сөз тийгизбегенге аракет кылабыз. Анткени, анын баасын башкалар менен салыштырып билебиз.
Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
Эгемендиктин баасын эгемендикке жетпей жүргөн мамлекеттер аркылуу билсек болот. Демократияны туу туткан эл, эркиндигибиз бар өлкө болгонубуз менен тилекке каршы көп мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатабыз. Эгемендиктин бекемдиги экономикалык негиздерге да таянат. 30 жылдын ичинде көп нерсеге жетиштик. Эркин шайлоо, сөз эркиндиги, адамдардын укугун коргоо жаатында көп иштер болду. Бирок, элибиз эркиндиктин баасын анча түшүнбөй жатат. Канча деген улуттар эгемендикти эңсеп жүрүшөт, биз болсо эгемендикти барктай албай жүрөбүз. Экономикалык жактан абдан өнүксө деле көз каранды болгон мамлекеттер абдан көп. Алар өз алдынча мыйзам чыгара алышпайт, чечим кабыл ала алышпайт. Бизде болсо бардык мүмкүнчүлүктөр турат, ушуга кудайга шүгүр келтиришибиз керек.
Нургүл Бакирова, Жогорку Соттун төрайымы:
1991-жылдын 31-августунда союздун курамынан бөлүнүп чыгып, эгемендүүлүгүбүздү колго алдык. Эгемендүүлүк чоң түшүнүк -өз аймагы, символикалары, бүтүндүгү, тили, атрибуттары, эли бар өлкө. Эгемен өлкөнүн атынан башка мамлекеттерде сүйлөй аласың. Ушул 30 жылдын ичинде биз өтө чоң окуяларга туш болуп, кыйынчылыктарды да баштан өткөрдүк. Союздук республикалар менен байланыштар үзүлдү, жумушсуздук күчөдү. Саясатташуу абдан чыңалып, башка өлкөлөргө караганда алты жолу Президентти алмаштырдык. Бул тарых болуп калды. Өзүнүн оң жана терс жагы менен эгемендүүлүктү колго алып, азыр Кыргыз Республикасы суверендүү, светтик мамлекет катарыэркин жашап жатат. Үч бийликтин бир бутагы болгон биздин сот системасында да абдан чоң өзгөрүүлөр болду. Эгемендикке ээ болгондон кийинки алгачкы Конституциябыз 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан бери ага көп өзгөрүүлөр кирип, ушул жылдын апрель айында жаңы редакциядагы Конституцияга ээ болдук. Бул Баш мыйзамга 5-майда кол коюлган, ага ылайык бир топ жаңы редакциядагы мыйзамдар кабыл алынып жатат. Сот бийлигинде да реформалар жүрүп жатат. Жашоо өзгөрүлүп, ааламдашуу орун алып, өнүгүп-өсүү болуп жатканда биздин өлкө дагы рыноктук-экономикалык абалга негизделип, өзгөрүүлөргө багыт алыпбаратат. Жакшы нерселерди кабыл алып, реформаларды токтотпой жүргүзө берүү керек. Эгемендүүлүктө жетишкенибиз – сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги жана адамдын укугун коргоо башка мамлекеттерге салыштырмалуу жакшы жолго салынган.
Шайлообек Атазов, Жогорку Кеңештин депутаты:
Эң алгач, мамлекет катары калыптандык. Өз алдынча мамлекет болуу үчүн эмне керек болсо, бүгүн бизде ошонун баары бар. Сырткы жана ички саясатты аныктаган мыйзамдуу бийликке ээбиз. БУУ баш болгон бир топ эл аралык уюмдарга мүчөбүз. Мунун өзү эле эгемендүүлүгүбүздү жана өлкө катары калыптанганыбызды далилдейт. Менимче, 30 жыл аралыгындагы жетишкендиктерибизди айтсак, түгөнбөйт. Эң башкысы — тынчтык керек. Тынчтык орногон жерде сөзсүз өнүгүү болот.
Сымбат Максутова