Бүгүн, 9-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Эркиндик бульварында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 08:33тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, кошумча саат 08:47де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Учурда аны өчүрүү иштери жүрүп жатат.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.

