Кыргызстандык балбан Эрлан Шеров Испанияда өткөн дзюдо боюнча Европа кубогунда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясы билдирди.
Спортчу 90 килограммга чейинки салмактагы мелдешке катышты. Ал испаниялык спортчуну жеңип, ал эми грузин балбанынан утулду.
Коло медаль үчүн болгон беттештерде Эрлан Шеров Португалия, Швеция, Германия жана Марокконун өкүлдөрүн жеңип, үчүнчү орунду камсыздады.