"Эркин-Тоо"

Эрмекбай ОМОШЕВ: “Кочкордогу криминалдарды тизелетип койгонго күчүбүз жетет”

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Эрмекбай ОМОШЕВ

Жыл жаңыраар маалда Кочкор районундагы бандиттердин баш көтөрүп, капчыктууларды мындай кой, район жетекчилигиндеги “кызыл шапкечендерге” дейре кыргыйдай тийиши коомчулуктун көңүлүн бурду. Жыйырмадан ашык милиция кызматкерлери жагымсыз окуядан соң кызматынан кош айтышынан улам биз райондогу абалды сурап, аким Эрмекбай мырзага азыноолак соболдорубузду жолдоп көрдүк.

— Эрмекбай мырза, жакында Кочкордогу уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү “кызыл шапкечендерди” титиретип, алтургай туткундаганга чейин барганы маалым болду. Алардан коркуп, чөгөлөп берген милиция башчысы баш болуп бүгүн камакта көзүн жалдыратып отурушат. Милицияны чөгөлөткөн “чоң муштумдар” “сырттан келген” кадр катары сизге “катылыша” элекпи? Же алардан “отметкадан” өттүңүз беле?

— Кудай сактасын, мен алардан коркпойм! Мындай жагымсыз окуя биринчи жолу катталып жатат. Буга чейин мага бирөө да келген эмес. Келген күндө да мизин кайтармакпыз. Андай ээнбаштардан корко турган болсок бул кызматка эмнеге келдик?

— Алар өз ооздору менен күч органдарынын өкүлдөрүн “доскелерибиз болот” деп жар салып жатышкандыгынан улам айтам да. Сиз дагы аларга “дос боло” баштадыңызбы дегеним го…

— Мен андай оозуна келгенди оттогон “тентектер” менен дос эмесмин. Дос болбойм дагы. Азыр Кудайга шүгүр, касиеттүү кара Кочкор аймагында абал туруктуу, кырдаал тынч! Азыр аймактагы карапайым эл, өзгөчө ишкерлер менен сүйлөшүп жатабыз. Мындан ары да бардыгы көзөмөлдө болот. Катуу турабыз! Жакында жер басып алуулар боюнча да чуулгандуу маалымат тарап кетпедиби. Учурда бул ишти УКМКнын аймактык бөлүмү талдап, мыйзамсыз жагын аныктап чыгышты. Дал ушул маселе да эртеңки райондун координациялык кеңешмесинде каралат. Ушул жерден баса белгилеп айта кетейинчи, Кочкордо ушул күндөрү криминалдык абал тынч, мындан ары да биз андай ээнбаштарды тизелетип койгонго күчүбүз жетет!

— Райондогу айыл өкмөт жетекчилерин ротациялоону баштадыңызбы?

— Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо боюнча азырынча план жок. Мыйзамга ылайык мындан ары айыл өкмөт башчылары кадрлар резервине киргенден кийин гана ротациялоо башталат. Учурда бул жагынан бизде кадрлар резервине 4 гана кадр кирген. Булардан үчөө мурда-кийин айыл өкмөт кызматында иштебептир. Бирөө гана айыл өкмөт башчысы болуп иштеген экен. Мыйзамга ылайык 1 жыл айыл өкмөт башчысы болуп иштегенден кийин ким болбосун кадрлар резервине кирет. Учурда иштеп жаткан айыл өкмөттөрдүн 90 пайызы бул жагынан мамлекеттик кадр кызматына арыз жазышты. Эми кадр кызматынан алар боюнча буйрук чыккандан соң андан аркы иштерди ойлонуштурмакчыбыз.

— Райондогу бирден-бир шарты катаал, ар өнөргө бай эл жашаган Талаа-Булак айыл өкмөтүндө иштин жүрүшү, андагы жалпы абал кандай?

— Талаа-Булак айыл аймагында абал жакшы. Айыл өкмөттүн башчысы Белек Жолдошбек уулунун да иши жаман эмес. Түзүк иштеп жатат. Белектей жигиттин келечеги кең, буюрса баралына келгенде алыска чуркай турган түрү бар…

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!