(Башталышы өткөн санда)
Кара-Кече альтернативалуу электр станция катары Токтогул каскады менен параллелдүү иштеп бүт Кыргызстанды электр энергия менен камсыздап тамак-аш, жылуулук, ысык суу жана башка керектөөнү толук жабат. Андан тышкары резервде 6 млрд киловатт/саат электр энергиясы калат. Эгерде станциянын аянтында 1 тонна көмүрдүн баасы 13 доллар болсо, станциядан чыккан энергиянын наркы 1 цент же 1 сомдун тегерегинде болот. Бул Бишкек ЖЭБинен чыккан энергия баасынан 4 эсе арзан. Биз Бишкекке канча күйүүчү май коротуп ташып келебиз, аны жагып экологияга зыян келтирип жатабыз. Эки кадамдан турган бир эле долбоор менен өзүбүздү электр энергиясы менен камсыз кылсак болот. Кара-Кече Токтогул каскады менен чогуу иштегенде экономиканы жана калкты да тегеректеп айтканда арзан энергия – 1 сом менен камсыздоого мүмкүн болот. Түпкүлүгүндө энергияны да, жылуулукту да кымбат чыгарган Бишкек ЖЭБи жана Ош ЖЭБи кереги деле жок болуп калат. Бизде системалык түрдө экология маселеси да чечилет.
Экология жана арзан энергия
— Баары бир станцияга көмүрдү ташып келиш керек болот да.
— Электр станциясы менен көмүр кенинин ортосу 30-40 км. Бирок кен станция аянтынан 1 километрге бийик болот. Андыктан биз ошол жактан майдалап көмүр-суу аралашмасын чоң түтүктөр менен алып келип жаксак болот. Биздин көмүргө жалпы керектөөбүз 2,5 млн тонна. Кымбат көмүрдү ташып жакпай, абаны сактайбыз. Эл 3 жылдан кийин арзан 1 сомдук электр энергия менен камсыз болсо, көмүр жакпай калат. Экологияны системалык негизде чечебиз. Демек, Кара-Кече станциясынын курулушу экологияга да жакшы болмок.
— Азыр Камбар-Ата-1 ГЭСин, кичи ГЭСтерди курууга артыкчылык берилип жатат. Кара-Кече жөнүндө сөз да жок го?
— Камбар-Ата-1 ГЭСин өзүбүздүн акчага же Казакстан, Өзбекстан менен ортодон үстөгү жок акчаны чыгарып куруп, анан качан актайт ал маанилүү эмес, чогуу куруп алсак эле болду десек бир жөн. Электр станциясы кредит менен гана курулат. Россиянын “РусГидросу” да кура алган жок, себеби техника-экономикалык негиздемесине келгенде кымбатка түштү. Биз ага чейин эле кура албайт, кымбат дегенбиз. Кредиттик портфель дүйнө жүзүндө бирдей эле – үстөгү, анан 7-10 жылдын ичинде жеңилдик мезгили деп коёт. 20-25 жылдан кийин ал кредитти кайтарып бериш керек. Кайтарып бериш үчүн станциядан чыккан энергияны 10 цент же 8 сомдон сатыш керек. Мындай баа бизде эле эмес, жалпы аймакта жок. Ошону эске албай кайра эле “эски тырмоокту басып” жатабыз. Камбар-Ата-1ди курабыз дегенге 45 жыл болуптур. Муну сөзсүз куруш керек. Ага 5 млрд доллар керек. Каражаттын булагын табыш керек. Суу электр станцияларын куруу кымбатка турат. Наркы да кымбат, 8 сом. 8-10 жылда курулса, дагы 5 жыл сууну топтоого туура келет.
— Быйыл жыл башында Камбар-Ата ГЭСин кошуна Өзбекстан, Казакстан менен бирге куруу боюнча Меморандумга кол коюлду. Анда үлүштөрүнөн бери көрсөтүлүптүр, 33, 33 анан биздики 34 болуп. Сиз кандай ойлойсуз, кошуналар менен чогуу куруу биз үчүн тобокелчилик эмеспи?
— Меморандум юридикалык күчү бар, расмий документ эмес. Бул үчүн эч кимдин жоопкерчилиги жок. Меморандумга кол коюп, эч ким каржы булактарын көрсөткөн жок. Бул бир. Меморандумдан кийин келишим түзүлөт. Келишим үч өлкөнүн парламентинен өтүшү керек. Ага чейин биз жете элекпиз. Албетте, биз өзүбүздүн күчүбүз менен же кредит алып куруп алсак жакшы болмок. Бирок кредитти оңой менен бербейт. Себеби, жогоруда айткандай ГЭС курулгандан кийин анын өзүн акташы кандай болот, энергияны сатуу рыногу жана башка маселелер бар. Биз баарын эле ишке ашырсак дейбиз. Бирок приоритет болуш керек. Аны келечек муундар деле курат. Биз азыр тез арада Кара-Кече электр станциясын баштап, экономикабызды, энергетиканы баш кылып өнүгүү жолуна салып алсак туура болмок.
Издеген жол табат
— Энергетика гана эмес, жалпы эле экономика тармагын өз жолубуз, өз багытыбыз менен алып кетүүгө азыр да кеч эмес деген ойду айтып жатасыз да?
— Ооба, концептуалдуу идеяны ишке ашырып, экономикабызды комплекстүү карабасак жаңы моделге өткөрө албайбыз. Бул бардык жагынан алып келгенде жеңил эле чечиле турган маселе. Биз өз энергоресурсу жок Беларусь же Армения эмеспиз. Бизде газ, нефти жок болсо да суу, көмүр бар. Россия, Казакстан өз ресурстары менен жашай алат. Биз дагы өз ресурстарыбыз менен иш алып барышыбыз керек. Биздин улуттук баалуулуктарыбыздын эң башында жер, мөңгү, каада-салт, үрп-адат, тарыхыбыз, маданиятыбыз, нарк-насилибиздин эң чокусунда биздин суверенитетибиз болуш керек. Суверенитетибизди сакташ үчүн мисалы энергетиканы, байланышты, экономиканы көз карандысыз кандай башкарыш керек, идеологияны кандай алып барыш керек, тилибизди кантип өнүктүрөбүз деп өнүгүү жолдору өзү эле ачылат.
— Тариф саясатына келсек. Май айынан баштап элибиз 700 киловатт/саат электр энергиясы үчүн мурдагыдай 77 тыйын эмес, 1 сомдон акы төлөйт. Башкасынын бардыгы мурдагыдай эле калды. Бирок ушул 23 тыйын деле элибиздин көпчүлүк бөлүгү үчүн оор болушу мүмкүн. Сиз кандай ойлойсуз, ушул тариф өзүн актайбы?
— Азыр биз сазга түшүп, ошондон чыга албай турабыз. Мындай шартта мейли 23 тыйынга көбөйтө берсин. Бирок бул маселени системалуу түрдө чечпейт. Себеби, тариф 23 тыйынга көтөрүлүшү менен тармакка жылына 2,5 млрд сом гана пайда келет экен. А эгерде жогоруда айткандай улутташтырылса, бир жылда 8 млрд сом киреше алууга болот. Анан 3 жылда Кара-Кечеге электр станция куруп экономикага да, элге да арзан энергия бере алсак анда биз өнүгүү жолуна чыга алабыз. Азыр болсо натыйжа болбойт, башкаруучулар кыскарбайт, кайра көбөйө бериши мүмкүн. Мунун баары элдин эсебинен болуп жатпайбы. Күндөн, шамалдан электр станция курулабы же ГЭС курабы элге, экономикага оорчулук келтирбеш керек. Мамлекет жетекчилиги экономиканы көтөрөлү деп чуркап жүрсө, кан соргучтар өлкөнүн денесине жабышып алып, бирөөнүн туура эмес саясатына сугарылып, ошол саясатты кайра эле улантып жатышат.
— Жогоруда өзүңүз айткандай азыр тармакты каржылык колдоо үчүн тарифти көтөрүүдөн башка жолду көрбөй жатышпайбы.
— Эми айла жок. 23 тыйынга кымбаттатууну эл туура эле түшүнөт. Эл эмне үчүн унчукпай жатат, себеби биздин жетекчилерге ишеним бар, бийликке 80%дан ашык элдин добушу менен келди. Адилетсиздик болуп, ортомчулар эле мамлекеттин эсебинен байый берсе болбойт. Мамлекет энергия өндүрөт, элдин алдында жоопкерчиликтүү. Ортомчулардын эч жоопкерчилиги жок, ортодон эле майлуу жерде отуруп алышып байып жатышат. Эми ортомчулар дагы 23 тыйынга байый башташты. Кыштан чыгыш үчүн бизде 6 ай от жагабыз. Эки жылуулук борбор кыштан чыгыш үчүн отунга 100 млн доллар сарпташат. Бул 8 млрд сом. 2,5 млрд сом эмнесине жетет? Айлыктарын элдин эсебинен мамлекет төлөйт. Кыргыз эли адилеттүүлүк менен чечилсе баарына чыдайт. Дагы бир сомго кошсо, эгер ушул зарыл болсо эл түшүнөт. Бирок ортодон системалуу коррупция гүлдөп, жегичтер жеп жатса эл түшүнбөй калышы мүмкүн. Ошол үчүн тармакты улутташтырууга баруу абалдан чыгуунун туура жолу болмокчу.
P.S.
Маектин видеоверсиясы менен гезиттин ЮТУБ каналынан көрө аласыздар.
Бегим ТУРДАЛИЕВА