"Эркин-Тоо"

Эрнест Карыбеков: “Энергетикада жаңы эки кадам өнүгүү жолуна алып барат”

Эксперт Эрнест Карыбеков энергетика тармагы боюнча маселелерди көтөрүп келет. Биз мына ушул теманын алкагында маек курдук.

Оңдоп-түзөөгө жарабаган машинедей абалга келдик

— Эрнест мырза, бүгүнкү күндөгү энергетика тармагынын абалына кандай баа берет элеңиз? Кепти ушундан баштасак.

— Энергетика Союз учурунда түзүлгөн тармак. Союздун тарашы менен башка тармактар сыяктуу эле энергетика тармагын башкарууда да рынок экономикасы деп башка багытка түштүк. Тактап айтканда глобалдуу Бреттон-Вуд каржы-экономикалык системасына кирип алдык. Ошол программа боюнча приватташтыруу, жеке менчикке өткөрүү, мамлекет жаман менеджер, базар шартын түзөбүз деп акционердик коомдорго бөлүнүп калган. Акционердик коом юридикалык жактан жеке менчик ишкана болуп эсептелет. Ошон үчүн энергетика жеке менчик фирма катары башкарылып жатат. Тармакта мамлекеттик саясат жок, ар бир акционердик коом өз саясаты менен жүрүп отуруп ушул кризиске келдик. Бул факт. Энергетикабыз эле эмес, жалпы экономикабыз оңдоп-түзөөгө жарабаган машинедей абалга келип калды десем болот. Азыр экономикабызды, анын ичинде энергетикабызды башкарганга жетекчилерге оор болуп жатат. Мен бул системадан чыгышыбыз керек деп эсептейм. 1991-жылы доор алмашты. Азыр да жаңы доор алмашуу мезгилинде турабыз. Биз көз карашыбызды жана аракеттерибизди башка системага, башка моделге өткөрүүбүз керек. Кандай кылсак экономикабыз, энергетикабыз калкыбызга кызмат кылат, элибиз үзүрүн көрөт мына ошондой моделге өтүшүбүз керек. Андай жол бар.

— Ал кандай жол болушу мүмкүн?

— 30 жылдан бери эле биз инфляция өстү, жабдыктар кымбаттап жатат деп энергетикадагы маселени чечиш үчүн бир эле жолду – тарифти көтөрүү керек деп келебиз. Бирок анын натыйжасы жок, биз ого бетер кризиске учурадык. Токтогулда суунун көлөмүн кармай албадык. Экспорттук энергосистемадан импортко өттүк. Жылына 3 млрд киловатт/саатка жакын энергияны импорттоп жатабыз. Электр жабдыктарыбызды жаңылабай, трансформаторлорду, подстанцияларды убагында курбай ушул абалга келдик. Анан маселени чечүү жолу катары тарифти көтөрүүнү айта баштайбыз. Тариф буга чейин деле көтөрүлүп келген – 2008, 2014-жылдын аягы 2015-жылы 700 кВт/сааттан ашканын 300%га көтөрүп, 2 сом 16 тыйын болду.

— Кечиресиз, биз эл аралык уюмдардын долбооруна, багытына түшүп алдык деп айтып жатасыз. Ошол эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу, жардамысыз эле энергетика тармагында өз алдыбызча саясатыбызды жүргүзсөк болот беле?

— Болот болчу. 90-жылдардын ортосунда Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондусунун сунушу менен мамлекеттик “Кыргызэнерго” ишканасы бир нече структурага бөлүнүп, электр энергияны чыгарган, ташып берген, анан бөлүштүрүүчү ишкана болуп түзүлгөн. Ушундай болгондо рынок шартын түзө аласыңар деп кеңеш беришкен. Минтип рынок шартын түзүүгө болбойт. Себеби, биздин мамлекеттен чыккан энергия арзан жана мамлекет менен эч ким атаандаша албайт. Рынок шартын түзүү деген азыр өтүп бараткан доордун саясаты болду. Аны түзсөңөр эле өнүгөсүңөр деп бизди эл аралык каржы институттары туура эмес жолго алып барышкан. Рынок шартын түзөбүз деп энергетика тармагын жетектеп келгендер элди, бийлик башчыларын да алдаган. Рынок шарты деп жанагы ортомчуларды алып келишкен. Ортомчулар электр энергиясын өндүрбөйт, ортодон киреше табат.

— А электр энергиясын өндүргөн мамлекет?

— Ооба, мамлекет өндүргөн энергияны ортомчулар арзан алып сатат, бул системалык коррупция. Мамлекеттик саясат болсо тармакты башкаргандар буга жол бермек эмес. Тескерисинче алар системалык коррупцияны түзүп, ортомчулар пайда болду.

Эки кадам: улутташтыруу жана суу ишканасы

— Эми эмне кылышыбыз керек?

— Жогоруда айткандай доор алмашып жатат. Ар бир доордун экономикалык модели, жашоо эрежелери болушу керек. Биз энергетика эле эмес жалпы экономикада мамлекеттик натыйжалуу башкарууга өтүшүбүз керек. Азыркы бийлик экономиканы көтөрөлү деп жатпайбы. Экономиканы өстүрүш үчүн өндүрүштүн санын көбөйтүп, арзан, атаандаштыкка туруштук берген товар чыгарышыбыз жана аны керектөөчүлөр болушу керек. Экономиканы өстүрүү жана калктын жашоосун жеңилдетиш үчүн арзан электр энергиясы, көмүр, газ болобу камсыз кылуу шарт. Бул кыял эмес. Эсептелген, экономикабызды кандайдыр бир өсүп-өнүгүү жолуна сала турган бир концептуалдуу идея силерге кызык болсо айтып берейин.

— Албетте, айтыңыз. Ал энергетикага байланыштуубу?

— Бардык нерсенин пайдубалы энергетика. Биринчиден улутташтырыш керек. Мамлекеттин жалпы эле улуттук коопсуздук боюнча абдан чоң жоопкерчилиги бар. Бул да улуттук коопсуздукка кирет. Демек, мамлекет фундаменталдуу тармакты өзүнүн колуна алып, башкарышы керек. Ошондо энергетикада бир эле мамлекеттик ишкана болот. Жалгыз кожоюну мамлекет гана болушу керек. Мурда бул тармакта 6 миң киши иштечү. Азыр 17 миң киши иштейт. Булардын көбү башкармалык, башкаруучулар. Алар жеке менчик тармак катары энергетиканы өнүктүрсө сөз жок эле. Мына “Улуттукэнергохолдинг” жоюлду. Бул түзүм канча жылдан бери арабанын бешинчи дөңгөлөгү болуп, чиркешип келди. Ошентип, биринчи кадам менен улутташтырдык дейли. Улутташтыргандан кийин система өзгөрөт, башкаруучулар азаят, ортомчулар жоюлат, түз сатып алуулар болот. Кыскасы оптимизация, үнөмдөө болот. Менин эсебимде улутташтыруудан 8 млрд сомдун тегерегинде пайда түшөт. Бул биринчи кадам.

— Азыр бул жасалып жатат да?

— Азырынча жасала элек.

— Электр тармактары, электр станциялары сыяктуу ишканалар биригип жатпайбы?

— Илгери тармак 7ге бөлүнгөн. Азыр эки чоң ишканага бөлүп, бирок ортодо ортомчуларга жылчык калтырып коюшту. Демек, ошол ортомчулардын да кызыкчылыгын коргогон тарап бар окшойт.

— Ортомчулар деп жанагы бөлүштүрүүчү компанияларды айтып жатасызбы?

— Ии. Бөлүштүрүүчүлөр деп мамлекеттик “Түндүкэлектр”, “Жалал-Абадэлектр” сыяктуу ишканаларга теңеп, жеке менчик бөлүштүрүүчү компаниялар деп кошуп коюптур. Бул туура эмес. Мамлекетте кубаттуулуктарды чыгарып, таратып бериш боюнча чоң жоопкерчилик бар. А булар болсо ортодон эле мамлекет чыгарган энергияны сатышат. Коррупциялык система түзүлүп, ортомчуларга бааны арзандатып беришкен. Алар бир-эки үч жылдын ичинде сарптаган каражатын чыгарып алып, ондогон жылдап пайда көрүшкөн. Буларды жоюп, улутташтырыш керек. Анан көз карандысыз каржылык жана техникалык аудит киргизсе, ошондо бүт былыктар чыгат. Ким ортомчулардын пайда болушуна жол берсе, ким аларга шарт түзүп берген болсо баарын жоопко тартыш керек. Анткени алар туура эмес иш кылып мамлекетке чоң зыян алып келишти.

Экинчи кадам менен улутташтырылган энергосистеманы өзүнчө калтырып, алардан юридикалык ыкма менен суу сактагычтар менен плотиналарды бөлүшүбүз керек. Буга Кыргызстандагы бүт суу сактагычтар кирип, мамлекеттик же улуттук  суу ишканасын түзүп, мыйзам чегинде 1 куб сууга баасын коюш керек. Бүгүн андай мыйзам жок. Мисалы, ички керектөөчүлөргө 5-10 тыйын болсун, сыртка сатабыз десек 3 сомдон. Суу ишканасы казынага жылына 10-20 млрд сом киреше берет. Биз азыр сууну сактап сата албай жатабыз. Өзүбүз Нарын дарыясынын 2%ын эле ички керектөөбүзгө жумшайбыз. Эл аралык келишим, мыйзамдар боюнча сууну кошуналар менен тең бөлүшүп алышыбыз керек. Бирок бизге тиешелүү көлөмдүн 2%ын гана колдонуп, калганын токтото албайбыз, туурабы? Анткени биз 99% электр энергиясын ошол суу электр станцияларынан алабыз. Демек, биз кышында сууну сугатка эмес жөн эле ит бекер агызып жатабыз.

Кара-Кече станциясы кыял эмес

— Себеби, электр энергиясын алышыбыз керек да.

— Ооба. Энергия алыш үчүн жайкы мезгилге караганда 3 эсе сууну көп агызабыз. Кошуна мамлекеттер жасалма суу сактагычтарга сактап алып суу Сырдарыядан Арал деңизине жетпей соолуп, гляциолог, экологдор айтып жатышкандай анын түбүнөн кум, туз аралашып шамал менен бизге учуп келип, мөңгүлөрүбүздү ээритип жатат. Бул регионалдык чоң маселе. Демек, суудан башка альтернативалуу өзүбүздүн чоң кубаттуулуктагы базалык электр станциябыз болушу керек. Бул идея мага 90-жылдарда келген эле. Кара-Кече көмүр кенибиз бар, мына ошол жерге 1200 мегаватт электр станциясын куруп алсак 3 жылда 600-800 мегаватты бере баштайт. 4 жылда 1200дү толук берет. Кара-Кече станциясы жөнөкөй эле электр кубаттуулук чыгарган объект эмес. Ал Кыргызстандын жаңы экономика моделинин фундаменти.

— Сиз көмүр менен иштей турган электр станциясы жөнүндө айтып жатасыз да?

— Ооба, көмүр менен иштейт. Биз күз, кыш мезгилинде өзүбүздүн керектөөбүздү ошол Кара-Кечеден алып, Токтогулдагы сууну тособуз же аз чыгарабыз. Демек, Токтогул суу сактагычы дайыма толтура турат. Анан жазында биздин кошуналар суу сураганда аларга тиешелүү көлөмүн берип, өзүбүзгө тиешелүү көлөмдүн 2%ынан калганын мыйзам менен бекитилген баада, 1 кубун 3 сомдон сата алабыз. Кара-Кече көмүр электр станциясы энергия кубаттуулугунун тартыштыгын гана жаппайт, муну менен экономикалык рычаг пайда болуп жатат.

(Уландысы бар)

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!