"Эркин-Тоо"

Эртең Айт намаз учурунда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Эртең, 21-апрелде Айт намаз учурунда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөлөр эртең мененки саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат.

Алар:

Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Тыныстановго чейинки бөлүгү;

— Панфилов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгү;

— Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгү;

— Чүй проспектисинин Тыныстанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгү.

Ошондой эле жогоруда айтылган көчөлөргө унааларды токтотпоо керектигин, болбосо унаалар эвакуациялана тургандыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Айт намаз эртең эски аянтта окулат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!