"Эркин-Тоо"

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда «Гагарин», «Юго-Западный» суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 4-апрелде саат 9:00дөн 24:00гө чейин Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көчөсү) менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!