"Эркин-Тоо"

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу эртең мененки саат 9дан түнкү 11ге  чейин Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта, “Жал-15” кичи району, 30 дарегинде таза суу берүү токтотулат.

Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы зарыл.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!