"Эркин-Тоо"

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

8-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең  саат 9:00дөн 21:00гө чейин Садовая көчөсү – Чүй проспекти – Ч. Валиханов көчөсү – темир жол линиясы, 7-Апрель көчөсү – Ауэзов көчөсү– Исакеев көчөсү – Ч.Валиханов көчөсү менен чектешкен аймактарда, ошондой эле Учкун конушу жана Учкун кичи районунда суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуулары керектигин эскертет.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!