"Эркин-Тоо"

Эртең Бишкектин эки конушунда суу болбойт

Эртең, 20-февралда Бишкектин эки конушунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9.00дөн 15:00 гө чейин Мурас-Ордо жана Калыс- Ордо турак жай конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суу Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!