"Эркин-Тоо"

Эртеңден тарта Бишкек-Каракол аба каттамы аткарыла баштайт

Ушул жылдын 19-декабрынан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жумасына 2 жолу бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттайт. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу акысыз.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациялоо иштеринен кийин ачылган.

Пример HTML-страницы