Кыргызстан боюнча 14-ноябрда телекөрсөтүүлөр эртең мененки саат 8:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргызтелекомдон» кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул аралыкта профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
«Кыргызстандын аймагында саат 8:00дөн 16:00гө чейин санариптик, мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүүлөр өчүрүлөт. Ошондой эле спутниктен ТВ жана радио көрсөтүүлөрдүн сигналы таратылбайт», — деп айтылат маалыматта.

