Жогорку Кеңештин фракцияларынын жыйынында депутат Эрулан Кокулов кесиптештерине кайрылып, капачылыгын билдирди. Ал Токмак шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен жаңжалда кесиптештери аны жактабаганын айтты. Эскерте кетсек, сентябрь айында Эрулан Көкүлов кайрадан жаңжалдын чордонуна түшүп, бул жолу Токмок шаарынын мэри менен болгон. Жаңжалдын чыгышына начар ремонттолгон спорт мектеби себеп болгон. Эл өкүлү видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган.