Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу күндөрүн 12-январга чейин узартуу пландалууда. Өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.
2026-жылы жарандар 1-январдан 7-январга чейин эс алышы керек. Андыктан 8 жана 9-январдагы жумуш күндөрүн 2026-жылдын 7-февралына жана 25-апрелине жылдыруу сунушталууда.
Себептери: сасык тумоо жана респиратордук оорулардын көбөйүшү, окуучулардын кышкы каникулу менен дал келиши, чакан жана орто бизнес үчүн экономикалык таасир жана коммуналдык системаларга жүктөмдү азайтуу.

