"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эсептөө палатасы: Мамлекеттик сатып алуулар порталында бир катар кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы Финансы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталын (2024-жылдагы жүргүзүлгөн иштерди) текшерип, анда координациянын, көзөмөлдүн жана маалыматтык коопсуздуктун жетишсиздиги байкалганын билдирди.

«Сатып алуулар борбору» мамлекеттик мекемеси бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонууда бааларга мониторинг жүргүзүү талабын аткарбаганы аныкталган. Натыйжада айрым келишимдер атаандаштыксыз түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, бир булактан сатып алынган товарлардын мурунку жылдардагы шаблондук документтердин негизинде түзүлгөнү аныкталган. Ошондой эле «Сатып алуулар борбору» жана «Инфосистемс» ишканасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибинин так эмес экени айтылды.

Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, анын алдындагы “Сатып алуулар борбору” мамлекеттик мекемеси жана «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жетиштүү деңгээлде жолго коюлбаганын көрсөттү. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин тартыштыгы да кызмат көрсөтүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө», – деп жазылат мааылматта.

Мындан тышкары, “Сатып алуулар борбору” мамлекеттик мекемеси бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонууда бааларга мониторинг жүргүзүү талабын аткарбаганы аныкталган. Натыйжада айрым келишимдер атаандаштыксыз түзүлгөн.

Эсептөө палатасы абалды жакшыртуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар жана IT тармагын координациялоочу кеңеш түзүү, порталдын ишин башка мамлекеттик системалар менен интеграциялоо, жоопкерчиликтерди тактоо, IT-адистердин санын көбөйтүү жана киберкоопсуздук чараларын күчөтүү сунуштарын берди.