2025-жылдын 23-октябрында Эсептөө палатасынын Кеңеши Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде 2023–2024-жылдар аралыгында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын карады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталды. Алардын ичинде бюджетти аткарууда, мүлктү пайдаланууда, отчеттуулук жана мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар камтылган. Ошондой эле 5,3 млн сомдук каражат кайра өндүрүлгөн.
Аудит министрликтин борбордук аппаратында жана аймактык өкүлчүлүктөрүндө ашыкча төлөмдөр, мыйзамсыз гранттык чыгымдар, консулдук кызматтардагы эсептешүү жана мүлктү пайдалануу боюнча бир катар кемчиликтерди көрсөттү. Ал эми чет өлкөлүк мекемелерде ижара чыгымдары, дебитордук карыздар жана калдык каражаттар боюнча көйгөйлөр белгиленди.
Эсептөө палатасынын Кеңеши талкуунун жыйынтыгында аныкталган бузууларды жоюу жана аудиттин сунуштарын аткаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү чечимин кабыл алды.

