"Эркин-Тоо"
Жогорку Кеңеш Экономика

Эсептөө палатасы: Өткөн жылы каржы бузуулардын суммасы 1 млрд сомдон ашкан

2020-жылы каржы бузуулардын суммасы 1 млрд 25,7 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмаз Акматов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүн кароо учурунда билдирди

Алмазбек Акматов билдиргендей, ошол эле убакытта мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары 4 млрд 961 млн сомду, рационалдык эмес пайдаланылган каражаттар 1 млрд 647,3 млн сомду түзгөн.

2020-жылы 90 аудитордук иш-чара жүргүзүлгөнүн белгилеп: “Алардын жүрүшүндө аудит объектилеринин 1824 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү камтылган. Алардын ичинен бюджеттик мекемелер 1366, чарба жүргүзүүчү субъектилер 251, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер менен уюмдар 201 жана башка уюмдар 6”, — деди ал.

Альбина Метерова