Эсептөө палатасы 2023-жылга карата Билим берүү жана илим министрлиги менен анын карамагындагы мекемелерде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын жарыялады.
Маалыматка ылайык, аудит билим берүү мекемелеринде бюджеттин түзүлүшү, каржылык тартип жана каражаттардын пайдаланылышы жаатындагы олуттуу кемчиликтерди аныктаган. Атап айтканда, 2023-жылы министрликке бекитилген жалпы бюджет 67,7 миллиард сомдон ашкан, анын ичинен 61,8 миллиард сом кассалык чыгым катары пайдаланылган.
Аудиттин жыйынтыгында жалпы 723,5 миллион сом суммасында мыйзам бузуулар катталган. Анын ичинен 289,6 миллион сом калыбына келтирүүгө тийиш деп табылса, 214,7 миллион сом аудит учурунда эле кайра кайтарылган. Бул көрсөткүч 74,13 пайызды түзөт.
Финансылык мыйзам бузуулар төмөнкү багыттарда аныкталган:
-
Бюджеттин аткарылышындагы кемчиликтер – 346,4 млн сом;
-
Бюджетти түзүү жана кароодогу бузуулар – 26 млн сом;
-
Мамлекеттик мүлктү пайдалануудагы мыйзам бузуулар – 35,4 млн сом;
-
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктагы кемчиликтер – 314,5 млн сом;
-
Мамлекеттик сатып алуулардагы бузуулар – 1,2 млн сом.
Ошондой эле, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жүргүзүлгөн аудиттин алдын ала жыйынтыктары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. Ал эми Талас шаары менен Талас районундагы билим берүү мекемелеринде аныкталган бузуулар боюнча материалдар Талас облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн. Башкы прокуратурага ижара жана эмгек акы боюнча болгон мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берүү сунушу да киргизилди.
Эсептөө палатасы мамлекеттин каражаттары мыйзам чегинде, натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланылышын камсыздоо максатында аудиттик көзөмөл иштерин мындан ары да уланта турганын билдирди.