"Эркин-Тоо"

ЭШИМОВ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-мүчөсү Акылбек Эшимов 2020-жылдын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоонун алдында «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп, саясий уюмдан депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн арыздануучудан 550 миң доллар алган деген айып тагылганы эсибизде. Кийин милдеттенмелерин аткара албай калып, ал 300 000 долларын кайтарып берип, 250 000 долларды өздөштүргөн деген маалыматтар чыккан болчу. Кийинчерээк борбор калаанын Биринчи Май райондук соту Акылбек Эшимовду кылмыштын курамы жок деп актап жиберген.

Бирок, Бишкек шаардык соту БШКнын мурдагы мүчөсүнө карата айыптоо өкүмүн чыгарып, ал алдамчылык беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу көзөмөлгө алынган экен. Кечээ Жогорку соттун басма сөз кызматы, айыпталуучунун жактоочусунун кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылганын, Бишкек шаардык сотунун өкүмү күчүндө калтырылып, Эшимов күнөөлүү деп табылганын билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!