"Эркин-Тоо"

“Эсимдени” угуп Сталин ордунан туруп кол чапкан

Ырчы, обончу Муса Баетовдун кыргыздын элдик музыкасынын тарыхында ыр жанрынын баштоочуларынын, негиз салуучуларынын бири болушу дайыма эскерилип келет. Анын музыкалык шыгынын ойгонушуна устаттары Тоголок Молдо, Молдобасан ж.б. баа берип шыктандырган. Муса Баетовго Молдобасан гармошка үйрөтүп, аткаруучулугу артып, элдик ыр ”Жароокерди” мыкты аткарган. Ал эми элдик ыр “Акзыйнатка” кайрадан өмүр берген улуу талант Токтогулдун «комуз – ырдын жүрөгү» деген сөзүн эсине сактап, комузда ойноого кызыгат. Бир тууганы Чодолдой: “Биздин комузчу болуп, ыркүүгө ыктап өсүшүбүзгө атабыз Бает себепкер болгон. Адегенде мен, кийин менден Муса үйрөнгөн. Геннадий деген орус адамдан Муса татар гармошкасын үйрөнүп, элдик ырларды аткарып жүрүп, кийин өзүнүн ”Ойгоном”, “Сагынам”, “Арпанын Ала-Тоосунан” деген ырларын жараткан деп эскерет. 1931-жылы Кубанычбек Маликов Мусаны Байгөнчөктөн Нарын шаарына алдырып, концерт уюштуруп, Абдыкалык Чоробаевдин жардамы менен ырын грампластинкага жаздырат, натыйжада Орто Азия аскер округунун Ардак грамотасына татыктуу болот. СССРдин эл артисти, профессор С.Кийизбаева өзүнүн сөзүндө Муса Баетов менен 1936-жылы Фрунзеде болуп өткөн өнөрпоздордун биринчи олимпиадасында таанышканын, анын зор талантка эгедер экендигин, ал сахнага чыкканда кыргыздарда ушундай үн болот экен деп таң калгандыгын жашырбаган. «Манас», «Айчүрөк» операларында арияларды жогорку чеберчиликте аткарып, Муса Баетовдун кыргыз музыка искусствосунда ысымы алтын тамга менен жазылып калды. Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында көптөгөн аскердик концерт берип , атүгүл кызыл кыргында кан кечип жүргөндө эл-жерин сагынган дарыгерлерге арнап «Кыздарай», «Сагынам» ырларын жараткан. Мусанын шакирти Жумакадыр Айтбаев мезгилинде элдик ырларды, көбүнчө Мусакемдикин ырдагам деп эскерээр эле. “Муса кайтыш болду” деген шумдуктуу кабар бардыгынын эсин оодарып, оор кайгыдан ”Булбулум Муса элде жок” деген чыгармасын жаңыдан жаратып, эл алдына ырдап чыккан. Таланты гүлдөп турган чагында катуу оорунун зардабынан улуу ырчы Муса актыкка моюн сунуп, бул жарык дүйнө менен жаш кезинде коштошуп, өнөрүн элге таштап кетти. Музыковед Александр Затаевич “кыргыз жергеси ыр-күүнүн жери экен, мындагы таланттарды өстүрүшүбүз керек, алардын ыр-күүлөрү түгөнгүс бай-казына” деп 1949-жылы эле баа берген. “Ойгоном” деген алгачкы ыры эл жүрөгүнөн түнөк таап, ал эми төкмө-акын Ысмайыл Борончиев: “Мен тоо булбулу Муса Баетовду 1934-жылдан бери билем, ал кезде Мусанын ырлары өзүнчө эле керемет болчу. Филармонияда бирге иштеп “Сары ой”, “Акзыйнат” сыяктуу элдик ырларын чебер аткарган» деп эскерген. Ал эми анын ырларын жогорку чеберчиликте аткарган Асек Жумабаев таланттуу обончу жөнүндө жакшы пикирде экендигин, эл алдында сүйүктүү обончунун “Ойгоном”, “Сагынам”, “Окудум борбор шаарынан” ж.б. лирикалык ырларын аткарып жүрөт. Улуу композитор Ж.Шералиев Муса Баетовдун өзүнүн аткаруусунда “Ойгоном” ырын угуп, үнүнүн нукура тунук жана булбул таңшык экендигине суктанып, аткаруучулук чеберчиликтин устаты Мусакем болсун деп баасын берген. 1939-жылы Союздар үйүнүн колонна залында Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасында ырчы үнүнүн укмуш колорити менен Токтогулдун “Туткун ыры” ырын зор чеберчилик менен аткарып берген. Композиторлор Власов, Малдыбаев, Ференин “Айчүрөк “ операсындагы Семетейдин ариясы «Ойгоном» деген ырынын негизинде жаралып, натыйжада Муса Баетов опералык арияга негиз салуучу болуп калган. М.Баетовдун “Октябрь өлкөсүндө”, ”Кызыл атчандар”, “Коммунизм”, “Компартия”, “Даанышман”, “Сагынам”, “Кыздарай” ырлары актуалдуу темага арналып, көбү лирикалуу болчу. 1939-жылы декада ийгиликтүү аяктап, акыркы күнү сыйлык тапшыруу мезгилинде чакан концерттик эстрада менен И.В.Сталиндин алдында Атай Огонбаевдин “Эсимде” деген ырын ырдап, элдин купулуна толуп, ал киши ордунан туруп улуу талантка кол чапкан. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун жана адабиятынын 10 күндүгүндө Муса Баетовго СССР Жогорку Советинин президиумунун Указы менен Эмгек Кызыл Туу ордени 1939-жылы ыйгарылган. 1943-жылы КРнын эл артисти наамын алган, 1945-жылы «Каармандык» медалы менен сыйланган. Кыргыз Совет музыка искусствосун өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги эске алынып ”Дөрбөлжүн” айылы “Баетов” айылы деп аталып, райондун борборунун чок ортосунда эстелиги орнотулган.

Муса Баетов 1949-жылы 8-майда 47 жашында жарык дүйнө менен коштошуп кеткендигине карабастан, анын жүрөк эргиткен сонун ырлары бүгүн да эфирден жаңырып турат.

1977-жылы Фрунзе шаарында өткөн Бүткүл Союздук кароо конкурсунда “Кыздарай” ырын вокалдык топ, А.Огомбаевдин “Эсимдесин”, Ж.Шералиевдин “Нарын вальсын” мен аткарып лауреат болгонубуз эсимде. Муса Баетовдун кызы Рая эже Ак-Талаа районунун маданият бөлүмүн бир катар жылдар жетектеп, Нарын шаарындагы К.Мамбеталиева атындагы тарыхый-этнографиялык музейинин илимий кызматкери болуп иштеп, азыркы мезгилде ардактуу эс алууда.

1992-жылы күркүрөгөн күз айында Баетов айылында тоо Булбулу Муса ырчынын 90 жылдык юбилейи даңазалуу белгиленди. Маараке салтанатында композитор Калый Молдобасанов, Муса Баетов менен Нарын өрөөнү гана эмес, бүткүл кыргыз-казак эли сыймыктанаарын, кыргыз музыкасына болуп көрбөгөндөй жаңылык киргизип, жагымдуу обондорун жаратканын, ата-баладай болуп ээрчишип, атасы Молдобасан менен чоң концертке катышканын баса белгилеген эле. Бул Теңир-Тоолук булбул ырчыга берилген зор баа экендигинин күбөсү эмеспи. Анын жагымдуу ырлары элдин жүрөгүндө сакталып, муундан муунга өтүп, кылымдын кыйырына белгилүү бойдон кала бермекчи.

А.ОСМОНОВА, КРнын эмгек сиңирген мугалими,
Нарын облусунун Ардактуу атуулу

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!