Өткөн аптада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Элдик Курултай. Тарых сабактары жана келечек” темасында республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Биз тарыхчы Табылды Акеров мырзаны кепке тарттык.
— Табылды мырза, эгемендүүлүккө ээ болгонубуздан бери саясий жана коомдук институттар кайрадан жандана баштады. Алардын бири — курултай институту. Ал мурдагыдай ордун таап, калыптана алдыбы?
— Курултай аскердик-демократиянын принциптерине негизделген саясий институт. Анын жаралыш доору көчмөн цивилизациясынын алгачкы этабында башталып, көчмөн турмушунун тажрыйбасынын негизинде ага ылайыкташтырылып, эң алгач жеке менчик пайда болуп, уруулук коомдук түзүлүш доорунда, уруулар союздары, биримдиктери ортосундагы өз ара мамилелерди, келишпестиктерди, көчмөндөрдүн саясий, социалдык-экономикалык турмушун жөнгө салуу максатында пайда болгон саясий институт десек туура болот. Курултай жеке менчикти, анын ээлери-бийлик эгеси хандын жана анын укум-тукумдарынын, жакындарынын жана алардын кызыкчылыктарын коргоочу аскердик-демократиянын принциптерине негизделген саясий институт катары таануу туура десек жаңылбайм. Курултай эң алгач хандык бийлик институту болуп эсептелген. Ал эми хан элдик бийликтин символу болуп таанылган. Курултайда хан шайланган. Курултайды бийлик ээси хан чакырган жана анын ишин жетектеген. Хан монарх катары таанылган. Жаңы шайланган хан оң, сол канат саясий системасын жаңыдан формациялап түзүп чыккан. Көбүнчө, өзүнө тууган, жакын уруулар алдыңкы позицияга чыгарган. Хан өзүнүн буйругу менен уруулардын структуруларын өзгөртүп, аларды майдалап, башка жактарга көчүрүп жибере алган. Ошол эле учурда, курултай аскердик-демократиянын эң жогорку деңгээлин көрсөткөн институт болуп эсептелген. Көчмөн уруулар союзу аскердик демократиянын принциптеринде түзүлгөн. Уруулар союзуна кирген ар бир уруу «кво» статусунда болгон. Бир уруу экинчи бир уруунун ишине кийлигише алган эмес. Мисалы, кытай булактарында енисей кыргыздары үч ири бирикмеден турган. Бул бирикмелерди үч бий башкарган. Булардын бири улук бий же чоң бий макамында болгон. Бирок, бул бирикмелер ар бири өзүнчө эркин болгон, бири-биринин ички иштерине кийлигишкен эмес. Бардык маселелерди кеңешип чечишкен. XVII-XVIII кылымдарда тяньшань кыргыздары кыргыз жана отуз огул аттуу эки уруу бирикмеден турган. Буларды чоң бийлер башкарган. Бирок, оң канаттын бийи негизги бий катары таанылган. Тянь-Шань кыргыздарынан Атаке бий, Боромбай бий өз урууларынын курултайын чакырып, Орусияга элчилик жөнөтүү маселесин карап, дипломатиялык байланыш түзүлгөн. Курултайдын негизги милдеттерине хан шайлоо, согуш жарыялоо же тынчтыкка келишүү маселелерин кароо кирген. Мындан башка, курултайда хан тукумдары менен никелик урууну аныктоо, үлүш бөлүштүрүү жана жалпы коомдук кызыкчылыктагы маселелер да каралган.
— Тарыхчы катары тарых барактарында далилдерден айта кетсеңиз, курултайга кимдер чакырылган?
— Курултайга эң алгач хан, анын укум-тукумдары, жакындары, ири уруулардын башчылары, аскер башчылар, улус башчылары жана башкалар чакырылган. Бирок, ошол эле учурда курултайды коомдогу абройлуу, курултай чакырууга дарамети жеткен инсандар да чакыра алган. Мисалы, VIII кылымда Барсбек каган өлтүрүлгөндөн кийин, аздар, тухсылар, енисей кыргыздары Тянь-Шанга көчүп келип хан тукуму эмес, тухсылардын башчысы Сүлүктү каган шайлап алышкан. XIII кылымда тексиз уруу катары таанымал болгон жардаран уруусунун өкүлү Жамуха түрк-моңгол урууларынан турган сегиз уруунун башчыларын курултайга чакырып, өзүн хандардын ханы — гурхан деп жарыялаган. XIV кылымда Амир Тимур курултай чакырып, Казан хандын балагатка жеткен уулу Суюргатмышты хан кылып шайлатып, ал эми өзүн Туран өлкөсүнүн улук эмири деп бекиттирип алган. Курултайда Амир Тимурга Мавереннахрдын бардык аскер башчылары ак кызмат өтөйбүз деп ийилип ант беришкен. Чыңгыз хан Улуу монгол империясын куруп болгон соң чоң курултай өткөрүп, үлүш бөлүштүргөн. Кыргыз санжырасында Тагай бий кыргыз хандыгын түзгөндөн кийин, үлүш бөлүштүрүү үчүн курултай чакырган. Дал ошол маалда Тагай бийге анын уулу Кара Чоро сапарлаш достору Азык, Черик, Саякты ээрчитип келип кошулат. Тагай бий Кара Чорону өзүнүн кестигинен улам таанып, аны жана анын досторун өзүнүн уулдары катары таанып, аларга да ар бирине өз балдарынан кем болбогондой үлүш бөлүп берген. XVIII кылымда Ормон Ниязбек уулу да курултай чакырып, анда чогулган кыргыз уруу башчылары аны хан кылып шайлашкан. Айрым учурларда, бир көйгөйдү чечиш үчүн да курултай чакырылып, убактылуу хан шайланган. Мисалы, Батый батыш жоортуулунун башчысы катары убактылуу хан деп таанылган. Курултайда шайланган хан каада-салттын негизинде өзүнүн көчмөн турмушуна ылайыкташтырылган эрежелерди иштеп чыккан. Мисалы, монголдордун Чынгыз ханы «Яса», казактардын Касым ханы «Каска жол», кыргыздардын Ормон ханы «Ормон окуусу» деген сыяктуу. Курултайда кабыл алынган чечимдер жалпы коомдун кызыкчылыгында болгон жана анын ар бир мүчөсү үчүн милдеттүү болуп эсептелген. Башкача айтканда, курултайда кабыл алынган чечим ар бир адам үчүн мыйзам болуп кабыл алынган. Хандан баштап алыскы айылда жашаган карапайым малчы адамга чейин ал чечимге баш ийген.
— Хан демекчи, көчмөндөр жашоосунда анын орду кандай болгон?
— Көчмөндөрдүн турмушунда хандык бийлик өзгөчө ролго ээ болгон. Хандын бийлиги атадан балага мурасталып өтүп турган. Бул мыйзамды эч ким буза алган эмес. Ханды курултай аркылуу тактыдан жылбыштыруу каралган эмес. Хан көчмөндөрдүн жашоо-турмушун жакшыртуу, адилет башкаруу, акыйкаттыкты сактоо, элдин коопсуздугун камсыздоо маселелерине керт башы менен жооп берген. Ошондуктан, көчмөндөр ханды сапатсыз башкаргандыгы үчүн коомду алга сүрөй албай, согуш мезгилинде жеңилүү ызасын тарттырып, уруулар союзун кооптуу абалга алып келип койгондугу үчүн ж.б.у.с. саясий кризистик абал түзүлүп калганда гана ага каршы чыгып, аны жазалаган. Анан мураскерин хан шайлашып, абалды оңдоп, алдыга жылууга аракет көрүлгөн. Мисалы, Батыш Түрк каганы Тон ябгу өтө оор салык системасын киргизгендиги үчүн, козголоңчулардын колунан каза тапкан. Түргөштөрдүн Сүлүк каганы согуштан түшкөн олжону адилеттүү, туура бөлүштүрбөй, көпчүлүк бөлүгүн өзүнө алып калгандыгы үчүн өлтүрүлгөн. Енисей кыргыздары тогуз огуз каганаты менен 20 жыл согушуп, акыркы жылдары көпчүлүк учурларда утууга ээ болуп келген. Ошондо, тогуз огуздар союзундагы аскер башчылар, уруулар айлалары кетип, ханга каршы чыгышып, абалды оңдой албагандыгы үчүн, ага каршы чыккан. Акыры анын башын алышып, хандын мураскерин тактыга олтургузушуп, тез арада абалды оңдоого аракет кылышкан. Моголистандын ханы Ильяс Кожо Самаркандды ала албай койгондугу үчүн, укум-тукуму менен толук жок кылынган. Адилетсиз, акыйкатсыз, салыктарды обу жок көтөрүү менен алектенип башкаргандыгы үчүн Кокон ханы Кудаяр хан үч жолу тактыдан куулган.
— Көчмөндөр тарыхында курултай дагы кандай ролдорду ойногон?
— Курултай аскердик-демократиянын эң жогорку деңгээлин көрсөткөн институт катары коомдун моралдык сапатын жакшыртып, элдин рухий байлыгын арттырууда чоң роль ойногон. Курултайда кабыл алынган чечимдер жалпы коомдун кызыкчылыгында болгон жана анын ар бир мүчөсү үчүн милдеттүү болуп эсептелген. Мындайча айтканда, курултайда кабыл алынган чечим ар бир адам үчүн мыйзам болуп кабыл алынган. Хандан баштап алыскы айылда жашаган карапайым малчы адамга чейин ал чечимге баш ийген. Коомдук тартип, моралдык принциптерди тебелеп-тепсеп, бузукучулук жолдорго баргандыгы үчүн ханзадалар, хандын жакындары катуу жазаларга тартылган. Айрымдары өмүрүнөн да ажыратылган. Мындай жазалар курултайда же хандын бардык жакындары, аскер башчылар катышкан жыйындарда бардыгына өрнөк болуш үчүн көпчүлүктүн алдында жүргүзүлгөн. Жыйынтыктап айтканда, курултай институту көчмөн турмуш образына ылайыктуу саясий жана коомдук институт катары көчмөндөрдүн саясий-социалдык жана экономикалык турмушун жөнгө салуу үчүн пайда болгон институт. Курултай хандык бийликке гана таандык институт эмес, коомдук мүнөздөгү же көчмөн коомчулугуна альтернативалык аянт түзүүгө мүмкүнчүлүк берген инстутут катары да колдонулган. Курултай өзөгүн тапса кыргыз коомунун күзгүсү боло алат.
— Курултайдын деңгээлин кантип көтөрүү керек? Дегеним, Жогорку Кеңешти курултай деп өзгөртүү зарылбы?
— Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкени менен өзүнүн саясий системасын советтик өлкөдөн мурастап калган аталыштар менен жашап келатат. Кыязы, кийинки конституциялык реформаларда Жогорку Кеңешти «курултай» деп өзгөртүү маселеси коюлушу керек. Бул кыргыз менталитетине төп келет. Курултайдын чечимдери кыргыз баласы үчүн мыйзам болуп эсептелинет. Ошондой эле курултай коомдун моралдык сапатын жогорулатуучу, адам укуктары, демократиялык принциптерге таянган бийлик менен коомдун ортосунда көпүрө болуп, бийлик менен эриш-аркак иштөөчү коомдук-саясий орган болуп калыптанышын камсыз кылуу абзел. Элдик курултайга коомдук бардык саясий күчтөрүн, социалдык группаларды, жер-жерлердин өкүлдөрүн ж.б. калтырбай чакырып, анын деңгээлин жалпы улуттук деңгээлге көтөрүү зарыл. Мисалы, жер-жерлерден чакырылуучу өкүлдөрдүн кайсы бир бөлүгүн парламенттик шайлоолорго катышып, бирок өтпөй калган талапкерлер түзүшүн камсыз кылуубуз керек. Башкача айтканда, парламенттик шайлоолордо өтпөй калган талапкерлердин кайсы бир бөлүгү автотматтык түрдө курултайдын делегаты катары таанылуусу шарт. Ошондо делегаттардын бул катмары дароо 5 жылдык мөөнөткө бекилип, курултайдын тынымсыз иштөөчү орган катары калыптанууга шарт түзүлөт.
Зулпукаар Сапанов