Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев эттин баасы көтөрүлүп кеткенин айтып, себебине кызыкты. «Бишкекте эттин баасы көйгөйлүү маселе болду. Ар бир жаранда эмнеге аз убакыттын ичинде ушунчалык көтөрүлүп кетти деген суроо жаралып жатат. Борбордо көп балалуу үй-бүлөлөр, көп балалуу жалгыз бой энелер бар. Эт жебей калдык деген маселе болууда. Чындыгында 550 сомдон 700 сомго аз убакытта көтөрүлүптүр. Буга бир көңүл буруп койсоңуз», — деген эл өкүлү президенттин, өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.