Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев өлкөдө жума сайын эттин кымбатташынын бир нече себептерин атады. Ал “Кабар” агенттигинин түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып, Кыргызстан орто эсеп менен ар жылы 300 миң тонна эт талап кыларын, бул көлөмдү айтканга жеңил болгону менен камсыз кылуу оңой эместигин белгиледи. “Бул чоң көрсөткүч, мындай көлөмдөгү малды багып, жеткирүү да оңой эмес. Бул маселелер эттин баасына түздөн-түз таасир этүүдө. Ооба, баа өсүүдө – бул чындык. Бирок, биз кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз”, — деди.
Бааны көзөмөлдөө кыйын экенин Орозбаев да жашырбайт
Төрага Жээналы Орозбаев өлкөдө эттин баасына көзөмөл кылып, күн сайын кымбатчылыгын ооздуктап туруу кыйынчылык жаратып жатканын мойнуна алууда. Өткөн айларда өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленген. Бирок, социалдык тармактарда базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт жогоруда белгиленген баадан да кымбат сатылып жатканына күбө болгон жайым бар. Эми элестетип көрүңүз, күйүүчү май өлкө аймагында ар эки күндө кымбаттап жаткан шартта эттин баасын кармап туруу мүмкүнбү? Бул жагына ашыкча логиканын деле кереги жок болсо керек. Дагы бир жагдай, ушул күндөрү, өзгөчө соңку 3 айдан бери Кыргызстан боюнча, айрыкча Бишкек шаарында Кудайдын куттуу күнү жүздөгөн кафе-ресторандарда күндүзү Куран окутуу, аш берүү, кечкисин шаң-салтанат тойлор жүз берүүдө. Жакшылык менен жамандыгына бирдей эт колдонгон биздин элибиздин мындай салтынын урматына күнүнө жүздөгөн бодолор курмандыкка чалынып жатканын элестетип жатасыздарбы? Мындай көрүнүш күркүрөгөн күздө өзгөчө күчүнө кирип, малга деген суроо-талап эң жогорку чекке жеткенине бул тармакты жакшы билген адистер өздөрү баш болуп таңданышууда.
Семиз мал базарларда да таңкыстыкка айлануудабы?
Өлкөбүздөгү эң ири мал базарлар катары белгилүү болгон Кочкор жана Токмокто ушул тапта той-ашка жарачу семиз малдар колдо турбай өтүп, айрым учурларда калбай калган көрүнүштөр болуп жатканын алып-сатарлар да жашырышпайт. Мындан тышкары бодо малды тирүүлөй сатканга караганда союп, кардарларга 5-10 кгдан бөлүктөргө бөлүп сатуу – кымбатка тураарын мал ээлери да жакшы өздөштүрүп алышкан. “Ишкерчиликтин” мындай түрү менен соңку убакта баш калаада айлыктын көзүн карап жашаган мамлекеттик кызматкерлер да шугулданышып, сооданын берекесин күнүмдүк турмуштук керектөөсүнө жаратып жатышкан катмардагылар көбөйүп, бул жагынан кадимкидей атаандаштык пайда болуп жатканын жашырууга болбойт.
Элдин этке болгон талабы өсүүдө
Соңку убакта жумушсуздук кыскарып, экономикалык абал жакшырганы, буга удаа он миңдеген жаштардын чет өлкөлөрдө жакшы маяна менен иштеши этке болгон суроо-талаптын күчөтүлүшүнө шарт түзүүдө. Мыйзам ченемдүү суроо туулушу мүмкүн. Мындай суроого ондогон жылдардан бери Кочкордо мал алып, союп сатуу менен алектенген Тагай Маратбек уулунун пикири жооп боло алат:
-Кудайга шүгүр, соңку убакта элибиздин жашоо-шарты, материалдык абалы жакшырды. Маселен, мындан 10-15 жыл мурун катардагы карапайым үй-бүлөлөр эттин өп-чап же жоктугуна кайыл болуп, сабыр кылуу менен күн көрүшчү. Азыр бир үй-бүлө куру дегенде айлык-пенсияга 10 кг эт алат. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, жаштардын көбү чет өлкөлөрдө Кыргызстанга салыштырмалуу жакшы маяна алып иштешүүдө. Жакшы маяна алган андай катмардагылар Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө каражат салып, витаминдүү тамак-аш, өзгөчө эт үчүн акча салгандарына көп ирет күбө болуп жатам. Бул бир жагы. Экинчиден, аш-той, кыргыздын каада-салтын камтыган мааракелер күнү кур эмес өтүүдө. Элибиз 2 кишини үйүнө конокко чакырса деле, 100 кишиге той өткөрсө деле этсиз өткөрбөйт. Мындай жагдайда эттин баасын арзандатуу мүмкүнбү? Бул жагына ашыкча акылдын деле кереги жок болсо керек.
Орусиядан келген уй эти “абийирди жаап” жатабы?
Соңку жылдары өлкөбүзгө Орусиядан эт, сүт багытындагы “Зеңги Баба” тукумунун бир катар асыл тукум породаларынын түрү келип жатканы жашыруун эмес. Аш-тойдон тышкары күнүмдүк жашоосуна уй этин көбүрөөк колдонгон элибиз үчүн Орусиядан келген малдын эти сатыкка чыгууда. Бишкектин айланасындагы, өзгөчө Сокулуктагы ири мал базардан ири мүйүздүү мал алып, шаардыктарга союп саткан алып-сатарлар акыркы айларда Орусиядан келген уй, жаш кунаажын, торпоктордун этин сатуу менен бул жааттагы тартыштыкты жоюп, бааны кармап турушканын жашырышпайт. Алардын айтымында эгерде Орусиянын уй-торпогу Кыргызстанга келбегенде, карышкырдан кийин эле эт жеген жагынан эч кимди алдына салбаган кыргыздар үчүн эттин баасы азыркыдан да алда канча кымбат болмоктугун айтышууда. Ал эми аймактардан Бишкекке мал союп, эт ташыган “кызыл кулактар” акыркы убакта баш калаа тургундарынын этке болгон суроо-талабы болуп көрбөгөндөй өсүп, бул жагынан мурунку жылдарга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүчтөр жаңыланып жатканын айтышууда.
Калыгул Бейшекеев
P.S. Мына ушундай окурман. Биз бул сапар этке болгон күнүмдүк керектөө, анын баасына байланышкан азганактай гана ойду бердик. Ички миграция күч алып, алыскы айылдарда мектеп окуучулары менен пенсия курагындагылар гана калган азыркыдай шартта мал багуу да кескин кыскарып, натыйжасы этке болгон баанын кымбатташына алып келип жатканын танууга болбойт. Малдын санын көбөйтүп, мамлекет тарабынан бул жаатка артыкчылыктуу багыттарды карабаса, алдыңкы жылдары эттин баасынын арзандашы азырынча түшкө да кирчүдөн эмес. Биз алдыда тема масштабын кеңейтип, бул багыттагы улам жаңы деталь-штрихтер менен олуттуу маселеге кайрылып турмакчыбыз.

