Ушул жылдын август айынын аягы – сентябрдын башында Кыргызстанда эттин баасы кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев билдирди.
Анын айтымында, эттин баасы негизинен ишкерлердин продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоосунан улам башталган. Буга байланыштуу ички рынокто сунуш азайып, нарк өскөн.
«Эт сатуу рыногу абдан татаал. Ошондой чынжырчада ортодо учурдан пайдаланып алып-сатарлар пайда көрүштү.»,-деди Айбек Мамыралиев.
Учурда эттин баасы турукташууда. Буга Суу чарба жана өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын ири жана майда малды сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизүү чечими таасир эткени айтылууда.