Учурда бир килограмм эттин баасы 530 сомдон 700 сомго чейин бааланууда. Базардагы сатуучулар мындай көрүнүштү эттин Өзбекстанга экспорттолушу менен байланыштырышууда.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев эт кымбаттаганын тастыктап, «Бүгүнкү күндө уйдун эти 547,8 сом болууда, ал эми былтыр 510 сомду түзгөн. Бул 27,1 тыйынга же болбосо 5,2 пайызга кымбаттаганын билдирет»,-деген жообун берди. Анын айтымында бордоп семиртилген малдын аз болушу, башка продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баанын өсүшү, элдин кирешесинин былтыркыга салыштырмалуу көбөйгөндүгү эттин кымбатташына себеп болууда.