"Эркин-Тоо"

Евгения Судец өз каалоосу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилигинен кетти

13-апрелде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Евгения Судец өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Белгиленгендей, Евгения Судец бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин пландан тышкаркы жыйыны өтүп, анда Евгения Судец берген арыздын негизинде ал банктын төрайымы катары кызматынан бошотулган.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда түзүлүп жаткан Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси болуп былтыр Евгения Судец дайындалган. Бул кызматка келерден мурда былтыркы жайда ал жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгын алган. Ага чейин Судец көп жылдар бою россиялык ВТБ банкынын түзүмдөрүндө иштеп келген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!