Үстүбүздөгү жылдын 29-майында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толот. 8-майда, Москва шаарында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына арналган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйыны өттү. Мааракелик жыйындын жыйынтыгы боюнча экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдерге жана документтерге кол коюлду.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) — мүчө мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, капитал жана эмгек ресурстары рыногун түптөөгө умтулуу, мүчө мамлекеттердин калкынын жашоо-турмушун жогорулатуу үчүн улуттук экономикалардын атаандашуу мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу модернизациялоо, кооперациялоо жана жогорулатуу максатында түзүлгөн регионалдык экономикалык интеграция боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Анын ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши, Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин соту иш алып барат. Азыркы учурда ЕАЭБге беш өлкө — Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Куба менен Өзбекстан байкоочу өлкө болуп эсептелет.
Биримдик боюнча сөзгө келгенде, ЕАЭБ өз жемишин берип жатат деп жазганбай айтсак жараша турган иштер жасалды. 10 жыл аралыгында Евразия экономикалык биримдиги мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугу жана алардын жарандарынын бакубаттуулугунун өсүшү үчүн экономикалык интеграцияны колдоого жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү негизги аймактык бирикме боло алды. Биз бир биримдикте болуу менен макроэкономикалык туруктуулукту сактап, региондо азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кыла алдык. Ошого катар жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүп, өндүрүштүн туруктуу өсүшүн сактоо менен сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторуна чыга алдык.
Муну статистикалык маалыматтар тастыктап бере алат. Атап айтсак, Биримдиктин экономикасы өткөн жылы ишенимдүү өсүштү көрсөтүп, жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүшү 3,8%ды түздү. Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү 3,7%га, курулуш иштери 8,6%га, чекене соода жүгүртүү 6,6%га өстү. Мунун алкагында өлкөдө ири жылыш болду. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын ИДПсы 6,2%га өсүп, тарыхый чектен өтүп, дээрлик 1,3 триллион сомду түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 8,8%ды түздү.
Айтор, биздин өлкө интеграциянын жана тышкы сооданын көбөйүшүнүн оң натыйжасын сезип жатат. Биримдикке кирген учурдан тартып 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 млрд доллардан 15,7 млрд долларга чейин жогорулап, 2,8 эсеге өстү. Мында экспорттун көлөмү 2,2 эсеге, импорт 2,9 эсеге жеткен. Ал эми Биримдикке катышкан жылдары ичинде мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүү 76%га өсүп, 2,5 млрд доллардан 4,4 млрд долларга чейин жетти. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 3 эсеге, 410 млн доллардан 1,23 млрд долларга, ал эми импорттун көлөмү 50%дан ашык болуп, 2 млрд доллардан 3 млрд долларга чейин өстү.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын экспортунун структурасында текстиль, кийим-кече, бут кийим, пластмасса жана таштан жасалган буюмдар сыяктуу кошумча наркы жогору товарлардын көлөмү өсүүдө. Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен кооперациялык товарлардын өз ара соодасы да өсүү тенденциясына ээ болуп, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 34,8%га чыкты. Бул көрсөткүчтөр биздин мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнүн жана интеграциялык байланыштардын тереңдеп баратканын тастыктайт.
Москва шаарында өткөн 8-майдагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына Президент Садыр Жапаров да катышты. Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты. Садыр Жапаров өз сөзүндө ЕАЭБдин ийгиликтерине токтолуп, 10 жыл ичиндеги биримдиктин аткарган иштерин тизмектеп берди. Ошондой эле эл аралык аренадагы кырдаал татаал бойдон калып жатканын айтып, тышкы жагымсыз факторлор менен шартталган масштабдуу трансформация процессинде турганыбызды билдирди.
“Глобалдык соода системасынын ишиндеги олуттуу четтөөлөрдүн фонунда экономикалык активдүүлүктүн Батыштан Чыгышка, Түндүктөн Түштүккө жылышы байкалууда. Ушуга байланыштуу заманбап талаптарга жооп берген зарыл финансылык, логистикалык жана товар өткөрүүчү инфраструктураны түзүү зарылчылыгы келип чыгууда. Бул, албетте, олуттуу инвестицияларды жана өзгөчө ыкмаларды, эң негизгиси, альтернативдик жеткирүү жолдорун издөөдө биргелешкен жана макулдашылган аракеттерди талап кылат. Бул жагынан алганда, ЕАЭБ менен Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесин байланыштыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилегим келет” деди Мамлекет башчысы.
Белгилей кетишибиз керек, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүү боюнча алган милдеттенмелери толугу менен аткарылды. Биримдиктин бажы чек арасындагы Кыргыз Республикасынын бардык 14 өткөрүү пункттарын иретке келтирүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу толук камсыз кылынды. Кытай Эл Республикасы менен жаңы өткөрүү пункттарын ачуу жана иштеп жаткан өткөрүү пункттарынын кубаттуулугун кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Албетте, санарип платформалар аркылуу тез ташууларды камсыздоо үчүн инфраструктуралык чектөөлөрдү, мыйзамдык тоскоолдуктарды алып салуу жана көзөмөлдөөчү органдардын ишин синхрондоштуруу боюнча иштерди күчөтүү маселеси турат. Муну тез арада жолго коюу керек.
Сөздүн ток этээрине келгенде, Биримдиктин потенциалын максималдуу пайдалануу жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл. Кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишеним мейкиндигин түзүү керек. Жолдордун бөгөлүшү боюнча көйгөйлөр бар, аларды чечүү талабы турат. Кыскасы, товарларды жүргүзүү жолунда жагымдуу шарттарды түзүү жана административдик чыгымдарды кыскартуу боюнча аракеттер туруктуу жана тынымсыз мүнөздө болууга тийиш.
Жыйынтыктай айтканда, ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөр рыногун, биринчи кезекте соода, финансы, маалыматтык кызмат көрсөтүү, чыгармачылык ишмердүүлүк, туризм, билим берүү жана медицинага тиешелүү кызматтарды кеңейтүү жөнүндө ойлоно турган мезгил келди. Бүгүн аткарбаса, эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Азия рынокторунда керектөө суроо-талаптарынын динамикалуу өсүп жаткандыгына байланыштуу, айыл чарба продукциясын Кытайдын рынокторуна чыгаруунун татаал жол-жоболорун эске алуу менен Евразия экономикалык комиссиясы ишин күчөтүшү керек.