Кыргызстанда болочок журналисттер үчүн «Евразия» медиа мектеби ачылат. Аталган медиа мектеп басма сөз, телерадио жана санариптик журналистика боюнча жаңы муундагы журналисттерди даярдаган аянтча болмокчу. Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жаткан долбоорду «Слово Кыргызстана» редакциясынын базасында «Евразия» уюму ишке ашырып жаткандыгы айтылды.
Ким келечегин журналистикага байлап, классикалык журналистика, санариптешүүдөгү жаңычылдыктар, контент жаратуу, түз эфирде иштөө, жаңы технологияларды колдонуу, монтаждоо сыяктуу көндүмдөрдү үйрөнгүсү келгендер үчүн мектептин эшиги ачык. Медиа мектепте окугусу келгендердин санын чектөө жок. Эң башкысы, долбоорго өлкөнүн алдыңкы журналисттери чакырылып, сабак беришет. Андан тышкары RT телеканалынын журналисти, «Евразия» эл аралык сыйлыгынын эксперттик кеңешинин мүчөсү Константин Придыбайло өңдүү кесипкөйлөр менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.
Медиа мектеп ачуу идеясы негизинен учурдагы медиа сабаттуулукту жакшыртуу, чын маалымат менен жалгандын айырмачылыгын билүү жана кесипкөй журналисттерди даярдоого байланган.
«Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору — башкы редактор Елена
Жолобова медиа мектеп актуалдуу, ар кандай форматта иштей ала турган универсалдуу журналисттерди тарбиялоого шарт түзөрүн белгиледи.
“Бүгүн биз улуттук журналистиканы өнүктүрүүнүн өзгөчө барагын – өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин базасында ишке ашырыла турган Евразия медиа мектебин ачып жатабыз. Бул мектеп – журналисттердин жаңы мууну жарала турган мейкиндик. Медиа чөйрөсүнүн бардык негизги багыттарын бириктирген платформа. Убакыт жаңы талаптарды коюп жатат. Бүгүнкү күндө журналист ар тараптуу адис болушу керек: жазуу, тартуу, монтаждоо, түз эфирге чыгуу, социалдык тармактардын алгоритмдерин түшүнүү, критикалык ой жүгүртүү жана эң негизгиси, чындыкты фейктен ажырата билүүсү маанилүү. Биз маалымат мүнөт сайын жаңыланып турган доордо жашап жатабыз, заман агымынан артта калбоо керек. Ошондуктан Евразия медиа мектеби техникалык көндүмдөрдү гана эмес, кесиптик жана этикалык жактан даярдоого да басым жасайт. Бул жерде студенттер кино тартуу, монтаждоо, репортаж жасоо өнөрүн өздөштүрүп, логикалык ой жүгүртүүгө, манипуляцияны таанууга, позицияны калыптандырууга жана аны аргументтер менен коргоого үйрөнүшөт” деди Елена Жолобова.
«Эркин-Тоо» пресс

