"Эркин-Тоо"

Евробиримдик аймагынан Кыргызстанга техникалар мыйзамсыз алып келинген

Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери укук бузуу фактысын аныктады. Европа Бирлигинин аймагынан Кыргызстандын аймагындагы Б.В.Р. ЖЧКсынын дарегине «Volvo» маркасындагы 10 бирдик атайын техникасы алынып келинген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компания тарабынан товардын коду жөнүндө жалган маалымат берилгендиги аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 813 429 сомду түздү.

Бул факт каттоого алынып, чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!