"Эркин-Тоо"

Евробиримдик Иранга санкция киргизет

Евробиримдик Орусияга «Шахид-136» учкучсуз ракеталарын берип жатканы үчүн Иранга санкция киргизүүнү көздөөдө. Орусиянын Куралдуу күчтөрү бул дрондорду Украинаны аткылоого колдонуп жатышканы айтылат.

Санкция тууралуу 19-октябрда түзүлгөн макулдашуу 20-октябрда Евробиримдиктин Брюсселдеги саммитинде бекитилиши керек.

Reuters маалымдагандай, санкцияга Ирандын үч генералы, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни да бар. Аны мурдараак АКШ «кара тизмеге» киргизген, генерал согуштук учкучсуз авиацияны өнүктүрүү программасына жооптуу.

Санкцияга дрондорду чыгаруучу Shahed Aviation Industries корпорациясы да кирди.

Тегеран менен Москванын расмийлери Ирандын дрондору Украинадагы согушта колдонулуп жатканын моюнга алган эмес. Украинага чабуул жасалып жаткан учкучсуз дрондор «Герань-2» деп аталганы менен, адистер ал Иранда чыгарылган дрондор экенин бекемдешкен.

Учкучсуз ракеталар акыркы апталарда украин тылындагы энергетика тармактарына сокку урууда. Киевге атылган ракета эл жашаган аймакка түшүп, беш киши мерт болгон. Ракеталардын көпчүлүгүн украин аскерлери абадан жок кылып жатканы айтылууда.

Киев Иранды Орусияга ракета бергени үчүн айыптап, ирандык элчинин Украинадагы аккредитациясын алып койгон. Тышкы иштер министрлиги Иран менен дипломаттык мамилени үзүүнү сунуштоодо.

Reuters шейшембиде өз булактарына таянып, Иран Орусияга учкучсуз жана баллистикалык ракеталарды берүүгө даяр экенин жазган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!