"Эркин-Тоо"

Евробиримдик «жанкечти» дрондорго байланыштуу Иранга санкция салды

Евробиримдик Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн 20-октябрда Ирандык үч генералга жана курал өндүрүүчү Shahed Aviation Industries корпорациясына санкцияларды жарыялады.

Алар — Ирандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын азыркы башчысы Мухаммед Хоссейн Багери, логистикага жооптуу Сайед Хожатолла Курейши жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни.

Евробиримдик ошондой эле мурдагы тизмеге киргизилген дагы ирандык төрт уюмга карат санкцияларды узартууга даяр экени айтылды. Бул билдирүүнү Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба кубаттады.

Москва соңку он күндөн бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат.

Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган Shahed 136 деп аталган «жанкечти» дрондорун колдонууда. Тегеран болсо Москвага дрон сатканын четке кагып келет. Кремль да Украинада орус техникасы гана колдонулуп жатат деп ишендирүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!