"Эркин-Тоо"

«Европа Биримдиги — Борбордук Азия» II cаммитин 170тей журналист чагылдырууда

Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусун чагылдыруу үчүн уюштурулган басма сөз борбору иштеп жатат.

Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналист чагылдырууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммитине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышууда.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!