"Эркин-Тоо"

Европага ишке орноштурам деп алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды

Ысык-Көлдө жарандарды Европага ишке орноштурам деп алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук милицияга Тамга айылынын 18 жаштагы тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июнь айында белгисиз жаран аны Европага жумушка орноштурууну убадалап, кызматы үчүн 40 миң сом котортуп, алдап кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы Р.К. аттуу тургуну кармалган.

21-сентябрда шектүү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Райондук милициянын тергөө кызматы кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткандардын саны көп болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Ага байланыштуу жабыркаган жарандар болсо, Жети-Өгүз райондук милициясына кайрылуусун суранат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!