"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Евросоюз чет өлкөлөрдөгү аскердик операцияларды каржылоочу фонд түздү

Евросоюз 22-мартта чет өлкөлөрдөгү аскердик операцияларды каржылоочу Европалык тынчтык фондун түздү. Фондунун куржуну 5 млрд еврого барабар, мунун эсебинен ЕС үчүнчү өлкөлөрдүн өтүнүчү боюнча аскердик техникаларды берет же коргонуу инфраструктурасын түзөт деп билдирди “Интерфакс” агенттиги.

Фондунун максаты – согуштук жаңжалдардын алдын алуу, тынчтыкты сактоо, эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо болуп саналат.